Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

11:00 Базарлардын абалы талапка жооп бербейт


Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун айтуусунда Кыргызстандын бардык базарлары, анын ичинде Бишкектеги базарлар коопсуздук талаптарга жооп бербейт. Анын айтуусунда кайсы ири базар болбосун, өрт коркунучу пайда болгон учурда өрт өчүрүүчү машиналар ал жакка өтө албайт. Ошондой эле ушул тапта базар ээлери сатуучулардын жана сатылуучу товарлардын коопсуздугун сактоого ички иштер министрлигинин кызматынан эмес, жеке күзөт уюмдарынын кызматынан пайдаланышат. Мунун баары базарлардагы башаламандыкка алып келүүдө деп билдирди министрдин орун басары.

XS
SM
MD
LG