Кыргызгидрометереология борборунун билдирүүсү боюнча көчкүнүн түшүүсүнө 9-марттан 10-мартка караган түнү жааган кар себеп болууда. Көчкү 10-11-март күндөрү Бишкек – Ош жолунун 198-чакырымынан 265-чакырымына чейинки аймактарга түшүүсү мүмкүн. Буга байланыштуу чукул кырдаалдар министрлиги бул күндөрү канжолго кое берилүүчү автоунаалардын ортосундагы интервалды 500 чакырымга чейин узартуу тууралуу чектөө киргизди. Ошондой эле аталган министрлик автоайдоочулардын жолго чыкпай туруусун өтүнгөн билдирүү таратты. Ал эми транспорт министрлиги Бишкек-Ош жолунун белгиленген аймактарында жол тазалоочу техникалар даяр тургандыгын маалымдоодо.