ЫСЫККӨЛ. Республиканын финансы полициясынын Ысыккөл жана Нарын облусу боюнча башкармачылыгы быйыл облуста кызматтык кылмышка таандык 14 иш козголгонун маалымдады. Алардын билдирүүсү боюнча Түп районуна караштуу Талдысуу, Бүркүт жана Ысыккөл айыл өкмөттөрү мамлекетке жалпы 215 миң сом зыян келтирген. Балыкчы шаарында мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери казнага кол салып атканы аныкталып, иши сотко өткөрүлсө, “Эко ройсерс” жана “Атлас” аттуу жоопкерчилиги чектелген ишкана жетекчилери жалпы 3 жарым миллион сомду жеке кызыкчылыгына жумшаган.
(RB)
(RB)