Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТЧУ СПОРТЧУ КЫЗ- КЕЛИНДЕР АРБЫН, БИРОК ШАРТ ЖОК


Кыргыздын кыздары учурунда аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, оодарыш, эңиш, тыйын эңмей сыяктуу ат оюндарында жигиттердин намысын козгоп, мөрөй алып да турган. Замандын шарапаты менен кыргызстандык 3 спортчу кыз-келин олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медаль тагынган. Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө кыз- келиндер спортко анча көңүл бурбай келгени өкүнүчтүү.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыз-келиндерден марафончу Ирина Богачева, гимнаст Татьяна Торопова, жеңил атлетчилер Татьяна Борисова жана Татьяна Ефименко, мерген кыз Елена Костюкова, фехтованиеден Светлана Верульская, эркин күрөштөн Яна Панова ийгиликтерге жетише алышты. Алар Азия чемпионаттарында, Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, таанытты. Ушул кыз-келиндердин катарында кыргыздын кыздары жоктугу абдан өкүндүрүп, ойго салат.

Былтыр Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчи, бийиктикке секирүүдө 14- Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Ефименко күмүш медалын тагынган. Пусандагы 14- Азия оюндарында коло байгелүү болгон балбан кыз Яна Панова, бул Дохадагы 15- Азия оюндарында үчүнчү орунду ээледи.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт, балдарды коргоо жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин башкы адиси Кудайберген Исмаилов, кыргыз кыз-келиндери спортко кайдыгер карап, ден-соолугун чыңдоого маани бербестигин айтып, өз оюн мындайча билдирди:

-Чынында кыздар арасында мелдештер аз өткөрүлөт. Айылдагы мектептерде спорт секциялары иштебейт. Кыздар баскетбол, волейбол, теннис спортуна катышканы менен спорттун жеке түрлөрүнө көп маани беришпейт. Дүйнө жүзүндө кыз- келиндердин эркин күрөш, дзюдо, таэквандо, оор атлетика жана чыгыш өнөрлөрүнө кызыгуу артып баратат. Эл аралык кыз-келиндер мелдештери дагы өткөрүлгөнү менен биздин өлкөнүн командалары көп катышпай жүрүшөт.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеевдин айтымында, кыргыз кыз- келиндери шамдагай, чыйрак, чыдамкай болгону менен спорттогу бактысы ачылбай, аларга көңүл бурулбай жүрөт:

-Чынында элибизди Кыз Сайкалдай, Жаңыл мырзадай баатыр мүнөз кыздар арбын. Ошол кыз- келиндердин спорттогу бактысы ачылбай жүргөнү өкүндүрөт. Көп жылдар бою спортко катышып жүрүшкөн башка улуттардын кыздарынан айылдан келген кыздар чыйрак, шамдайгай, чыдамкай келишет.
Кыргызстан эгемендүү болгону кыз-келиндердин спортуна, дене тарбиясына анча көңүл бурулбай келатат. Ал түгүл кыздар спортун жөнгө салуучу бирикме же федерация алигиче түзүлө элек.


Кийинки жылдары дүйнө жүзүндө кыз–келиндер үчүн Эл аралык мелдештер дагы арбын өткөрүлө баштады. Азия жана олимпиадалык оюндарда кыз-келиндердин көбүрөөк катышуусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Доха шаарындагы көз жоосун алган спорттук имараттарды көрүп, 15-Азия оюдарынын ок атуу мелдештерине катышкан мерген кыз Чолпон Түмөнбаева “бизде да ушундай шарт болсо, чеберчилигибиз жогорулап, Кыргызстанды эл аралык аренага таанытат элек” деп арман кылган эле.

Алгач олимпиадалык бийиктикти багындырып Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын жылдызы Москва олимпиадасында жанган. Ал узундукка секирүудө 706 см. алыска эликтей секирип, олимпиаданын алтын байгесин тагынган. Татьяна учурда Москвада жашап, Кыргызстандан көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Себеби, эгемендүүлүк болгону ишсиз калып, ага көңүл бурулбай калган.

Ал эми кыргыз кыздарынан олимпиадалык алтын медалына алгачкы болуп жөө күлүк Мария Күлчүнова ээ болгон. Ал 1988-жылы Сеулда өткөн 24- Олимпиадалык оюндарда 400 метрге эстафеталык чуркоодо марага биринчи келген. Мария, СССР-Америка, СССР- Германия беттешүүлөрүнөн, Европа чемпиондугун жеңип алган. Ал жеткен бийиктикке азырынча бир да кыргыз кызы жете элек. Ал эркин күрөш боюнча дүйнө, олимпиада жана Европа чемпиону Павел Пинигинге турмушка чыкканы кыз кезиндеги Күлчүнова деген фамилиясын өзгөртүп, учурда аны Мария Пингина деп билишет. Ал дагы үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.

Ошондой эле кыргызстандык кыз-келиндер Тамара Акимова, Гүлзина Өмүралиева, Бактыгүл Токторбаева, Наташа Фадеева, Алтынай Темиркулова жана Ирина Орлова самбо күрөшү боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарында жеңишке жетишкен.

Дзю-до күрөшү боюнча да Кыргызстандык кыздар командасы ийгилик жарат алган. СССРдин чемпиону Дина Максөтова Барселона олимпиадасына катышса, анын жолун Наташа Кулигина Атланта, Сидней олимпиадаларында улантты. Сидней олимпиадасында да Ольга Артамонова менен Наташа Кулигина Кыргызстандын намысын коргогон.

25 жылдан ашуун колунан тапанчасын түшүрбөй Кыргызстанды Азия, дүйнөгө тааныткан Забида Ырсалиева ок атуу спортуна жаштыгын, гүлгүн өмүрүн арнады. Көзгө атар мергенбиз дешип, мактанган кыргыз жигиттери ок атуу спортунун түйшүгүнө чыдабай, Забидага тең келе албай жүрүшөт.

Барселона олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдөн баскетбол командасынын катарында ойноп, олимпиада чемпиону болгон кыргызстандык Елена Баранованын спортко кошкон салымы чоң. Ал учурунда Бишкектин «Строитель» командасында ойноп, чоң спортко аттанган. Кийин Москванын «Динамосунда», Израилде жана АКШда боскетбол клубдарында ойногон.

Шахмат боюнча Светлана Матвеева, Бактыгүл Саманова, Бактыгүл Тиленбаева, Ирина Острый, София Сабирова, Жаңыл Тиленбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадаларына Кыргыз туусун көтөрүп барышкан.

Айрыкча Азия чемпионаттарында байгелүү орундарга жетип жүргөн 17 жаштагы спорт чебери Жаңыл Тиленбаеванын жөндөмдүүлүгү тууралуу шахмат адистери жакшы пикирлерди айтып жүрүшөт.

Жаздын жарашыгы болгон кыргыз кыз-келиндери спорт менен достошуп, Кыргызстанды Эл аралык аренада таанытса деген тилек менен ушул макала ден-соолукка коңгуроо болоор...
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG