Ирандын тышкы иштер министр орун басары Аббас Аракчи Багдад конференциясына “конструктивдүү” деген баасын берди. Кечээки жыйынга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсүнөн тышкары Иран , Сирия жана бир катар араб мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан.
Ирактын өзүндө болсо бүгүн кол салуулар уланды. Шийи зыяратчыларын бутага алган жардыруудан бери дегенде 19 киши мерт болду, 20 чактысы жараат алды. Алар Кербала шаарында болгон ири диний жөрөлгөдөн кайтып келатышкан. Багдаддын чыгыш жака белинде болсо жан кечтинин кол салуусунан 10 киши ажал тапты.