Жыйын Билим жана жаштар саясаты министиринин орун басары, облустук бийлик өкүлдөрдүн жана шаардык билим берүү жамаатынын катышуусу менен болду. Талас шаардык билим берүү тармактык профсоюз уюмунун төрайымы Фатима Жуманалиева, Кенжаалы Орозалиев учурунда кызматтык абалынан пайдаланып көптөгөн мугалимдерге орой мамиле жасаган деп айтууда:
- Кенжаалы Орозалиевдин жасаган мамилелерин айрым мугалимдер ыйлап айтып беришти. Мен дейт бир мугалим, окуучулар менен 2003-2004 окуу жылында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозалиевдин талаасына барып, төөбурчагын тигип, кайра күзүндө жыйнап берип келгенбиз. Кеңaрал айылына барып картошкасын чаап, үйүп берип келгенбиз. Коркконубуздан барбайбыз деп айталган жокпуз дейт. Дагы эле ушундай түшүнүктөр менен мектептин окуучулары 2003-2004- окуу жылында Орозалиевдин үйүнө барып жүгөрүсүн тазалап иштеп бергенбиз дейт. Бул жерде мен айтаар элем, Кенжаалы Орозалиев өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, өз кызыкчылыгы үчүн мугалимдерди манкурт катары, кул катары кабыл алган.
Кенжаалы Орозалиевди актаган соттор туурасында профсоюз уюмунун төрайымы мындай дейт:
- Сот органдары бүгүнкү күндө коммерциалык структурада иштеп калышыптыр. Акыйкат деген жок. Эч убакта акыйкат чечим беришпейт экен. Акчаң барбы сен жака чечип коёт, акчаң жокпу сен ыйлап-ыйлап кала бересиң.
Жогорку соттон акталып чыккан Кенжаалы Орозалиев, министирдин буйругунун негизинде иштешим керек деп билдирүүдө:
- Мен кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук кызматы менен прокуратураны жогорку сотто утуп келдим. Менде соттун айыптоосу жок. Менде акталгандыгым тууралу соттун чечими бар. Ошондуктан мен айттым, бизди күнөөлөгөндөн мурун күнөөмдү укук коргоо кызматкерлери аркылуу мойнума коюп беришсин. Мен иштешим керек, мен реабилитация болушум керек, мен ушунчалык жапа чектим.
Талас облустук прокуратура тарабынан азыркы тапта Орозалиевдин үстүнөн тергөө иши жүрүп жаткандыгын айтты облустук прокурордун орун басары Астапа Казиев:
- Иштин жагдайынын өзгөрүп кетүүсү менен кылмыш иши токтотулган. Бирок, бүгүнкү күндө тергөө жүрүп жатат. А биздин статус боюнча бул киши айыпталуучу болуп өтө берет.
Билим жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Элмира Иманалиева, министрдин буйругун мен, мамлекеттик кызматчы катары аткарышым керек. Ал эми жөнөкөй адам катары аткаруу кыйын, деп Элмира Иманалиева Орозалиевке мындай деп кайрылды:
- Мугалимдердин юридикалык жактан билимсиздигин өзүңүздүн кызыкчылыгыңызга пайдалангандырсыз. Туура, кагаз жүзүндө жеңдиңиз, биз сизге буйрук чыгардык. Бирок, жалпы жаамат каршы болуп жатканда моралдык жактан кантип булар менен иштешесиз.
Ушундай эле ой-пикирди облустук, шаардык бийлик башчылар айтышты. Жыйындын соңунда бийлик өкүлдөр кандай чечимге келгендерин ачык айтышпай, бир гана аталган жыйындын протоколу министрликте карала тургандыгын билдиришти.