Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

12-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Муратбек Кожобеков, Бишкек Азыркы «Слово Кыргызстана» гезитинин биринчи саны 1925-жылдын 12-мартында «Батрацкая правда» аталышта Пишпек шаарында жарык көрдү. 1930-жылдын 12-мартында Фрунзе шаардык Элге билим берүү бөлүмү уюшулган.

Фергана областынын губернатору жана аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелев «Мурдагы Кокон хандыгындагы 1875-жылдын 25-декабрынан, 1876-жылдын 7-февралына чейинки согуш аракети» аталган илимий-аскердик отчетун 1876-жылдын 12-мартында жогорку бийликке жолдогон. Генералдын отчетунда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш жана анын кыймылдаткыч күчү, козголоңду басыш үчүн жабдылган жазалоочу отряддын максат, милдеттери толук кабарланат. Мындан тышкары, генерал жазалоочу отряд менен кыргыз козголоңчулары ортосунда жүргөн кагылышты күн санай кагаз бетине түшүрүп, согуш жүрүшүнө баа берип турган.

Азыркы «Слово Кыргызстана» гезитинин биринчи саны 1925-жылдын 12-мартында Пишпек шаарында жарык көргөн. Ал кезде гезит «Батрацкая правда» аталып, ал областтык басма сөз органы катары эсептелген. Кийин 1925-жылдын 24-июнунда гезит «Крестьянский путь», 1927-жылдын 9-январында «Советская Киргизия» болуп өзгөртүлгөн.

Россия империясынын борбору Петрограддагы өкмөткө каршы кыймыл туурасындагы маалымат Пишпек уезддик бийлигине 1917-жылдын 12-мартында белгилүү болду. Пишпек уезддик жана шаардык бийлиги империянын борборунда бийлик алмашып, ал Убактылуу өкмөткө өткөндүгүн угуп, жаңы бийликти колдой тургандыгын билдирген.

Кыргызстан борбору Фрунзе шаарында калктын саны өсүп, аны менен кошо мектептердин саны да арткан. Мындан улам борбордогу мектептердин ишин уюштуруш максатында 1930-жылдын 12-мартында шаардык Элге билим берүү бөлүмү уюшулган.

Шериктеш мамлекеттердин чегара кызмат жетекчилеринин кезектеги 46-жыйыны 2003-жылдын 12-март күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Жыйында өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылып, Кеңештин жобосуна айрым өзгөртүүлөр киргизип, чегара кызматын өркүндөтүү үчүн бирдиктүү аракет көрүү, белгиленген долбоорду каржылоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Кыргызстандагы агрардык реформанын 10 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Илимий конференцияга Шериктеш мамлекеттерден, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери, Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы илимпоз-адистер болуп, жалпы жонунан 400 чамалуу адам катышты.

Бул күнү 1934-жылы акын Совет Урмамбетов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG