Бул тууралуу Марина Иванованын адвокаты Галина Скрипкина билдирди. Анын айтымында, АКШ өкмөтүнүн мындай мамилесине нааразы болгон Марина Иванова президент Курманбек Бакиевге, премьер-министр Азим Исабековго, спикер Марат Султановго ачык кат жолдоду. Өткөн жылы 6-декабрда “Манас” аскер базасында күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу Александр Иванов америкалык жоокер Закари Хэтфилддин аткан огунан көз жумган. (AJ)