“Сүрөтчүлөр шаарчасы” деп аталган көркөм өнөр борборунда “Жазгы обондор” аттуу сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат. Анда отуздан ашуун сүрөтчү айымдардын живопись, графика, жана прикладдык жанрдагы эмгектери коюлган. Көрүүчүлөр ошондой эле Америка Кошмо Штатынан жана Польшадан келген Маргарет Мартин менен, Весна Барановскийдин да сүрөттөрүн көрө калышат. Ал эми Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Мелис Токтобековдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн кырктан ашуун живопись жанрындагы эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.
Кыргыз улуттук драма театрында 13-мартту Көчкөн Сактановдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Бүттү быйыл күйөөгө чыгам” спектакли көрсөтүлөт. 14-мартта Майрамкан Абылкасымова менен Кайрат Иманалиевдин пьесасына коюлган “Атаке баатыр” спектакли көрсөтүлөт.
18-мартта кыргыз улуттук драма театрында “Талас таңшыйт аттуу” концерт өтөт. Ага Таластан чыккан алтымыштан ашуун ырчылар катышат. "Ерлан" продюссердик борбору уюштурган бул кечеде өнөрпоздорго белектер сыйлыктар тапшырылат деди аталган продюсердик борбордун жетекчиси Эрлан Шүкүрбеков.
Россия кинотеатрында “Министрдин кызынын махабаты” тасмасы көрсөтүлүүдө. Баңгиликке берилген жаштардын турмушун, байлар менен карапайым адамдардын жашоосун, сүйүү темасын камтыган бул фильмдин биринчи бөлүгү саат түшкү экиде, экинчи бөлүгү кечки саат алтыда көрсөтүлөт.
Ош жергесинде Рахман Разыков уюштурган “Бири куудул бири ырчы, эл тараза эл сынчы” аттуу күлкү фестивалынын галла концерти өтүп жатат. Алты күнгө созулчу бул күлкү майрамында көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татып, байгелүү орундарга ээ болгон ырчы куудулдар өнөрлөрүн тартуулашат .
-Айжан Шаботоева, Бишкек