БАТКЕН. Бул тууралуу 12–мартта «Арнамыс» саясий партиясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн координатору Абдубаном Кулдашев «Азаттыка» маалымдады. Анын айтымында, өткөн жумада “Арнамыс” саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча бөлүмү кезексиз жыйын өткөрүп, анда 285 мүчөсү аталган партиядан баш тартышкандыгы тууралуу кол коюшкан. Мындай чечимге сүлүктүлүк “арнамысчылар”, партиянын Бишкектеги лидерлеринин учурдагы саясий көз карашына макул эмес экендигин себеп кылышкан. Ал эми партиянын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Раимжан Халматов «Азаттыка» берген маалыматында, Сүлүктүдөгү “арнамысчылардын” партиядан чыгуусу тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарып, Сүлүктүдөгү координатору Абдубаном Кулдашевди шаар башкармалыгына ишке орношконуна байланыштуу партиянын аймактык жетекчилигинен четтетилгенин кабарлады.(SA)