Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

16:20 Жалалабат облусунун губернатору маалымат жыйынын өткөрдү


ЖАЛАЛАБАТ. Жыйын Ташкөмүр шаарындагы “Кристалл” акционердик коомунун айланасында жүрдү. Губернатор Искендер Айдаралиев ишкананын канчага бааланып, кимге сатыларын, аны алаар кардардын ой-максатын ачык билип туруп, жең ичинен эмес, ачык сатууну колдоорун айтты. Ал “Кристаллды” эмне үчүн сатуу керектигин негиздеген ой-пикирин кыскартып, “сатыш керек” деген гана сөзүн обого чыгарган МТРКга нааразылык билдирди.Губернатор МТРКнын мындай позициясы бийлик менен элди бөлүп-жарууга шыкак болоорун айтып, журналисттерди калыстык менен тактыкка чакырды.Ал биринчи мамлекеттик телеканалды коомдук телеканалга айлантуу жөнүндө депутаттар төгүн жерден маселе көтөрбөгөнүнө ынанганын белгиледи. “Кыргызстан” маалымат программасынын облустагы кабарчысы Бактыкан Ажымаматованын айтымында, губернатордун "Кристалл" боюнча айткан сөзү программанын орусча бөлүгүндө толук жарыяланган жана МТРКны коомдук телеканалга айлантуу - келечектин иши. (YA)

XS
SM
MD
LG