Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ПАРЛАМЕНТ ЧЕЧПЕДИ, БИРОК ЧЕЧКИНДҮҮЛҮК КӨРСӨТТҮ


Жогорку Кеңештин депутаттары 12-мартта бир катар орчундуу маселелер боюнча пикирлерин ортого салышты. Алардын ичинде Кумтөр, Ташкөмүрдөгү «Кристалл» жарым өткөргүчтөр ишканасы жана саясий темалар болду.

Жогорку Кеңештин дүйшөмбү күндөгү отуруму 16 депутаттын иш сапарга жөнөшү жана башка себептерге байланыштуу жыйынга келе албай калганын кабарлоо менен башталды. Маалыматка караганда, төрага Марат Султанов баш болгон депутаттар тобу Иранга сапар менен кеткен. Шейшемби күнү төраганын орун басары Эркин Алымбеков баш болгон депутаттар тобу Астанага сапар алмакчы. Мына ушундай сапарлардын байма-бай экендигине карабай, 12-мартта депутаттар бир катар орчундуу маселелер боюнча пикирлерин ортого салды. Депутат Арслан Малиев Кумтөр темасын көтөрүп, өкмөт ал боюнча Камеко менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүп жатат деп айыптады.

Депутат Болот Марипов Камеко менен өкмөт даярдаган меморандумга токтолду:

"Мен Кумтөрдүн андан аркы тагдырын чечүүчү меморандумга токтолгум келет. Ага ылайык Кыргызстанга Центерранын 6% акциясы кошумча берилип, туруктуу салык өлчөмдөрү аныкталат экен. Айлана чөйрөгө болгону 300 миң доллар бөлүнөт экен. Менин оюмча, Кумтөр маселесин кеңири алкактагы адистердин катышуусу менен карап чыгышыбыз керек. Эгерде олуттуу пайда көрүүнү чече албасак, анда Кумтөрдү толук мамлекетке кайтаруу зарыл".

Бул маселеге карата төраганын орун басары Кубанычбек Исабеков да үн кошту:

"Кумтөрдөгү алтындын кору 960 тонна. Кыргызстандын геологдору да карап чыккан. Бул жерден биз 4.5 миллиард доллар пайда тапсак болот. Центерра болсо-бул көз боемочулук (афера)."

Ал эми парламенттин алтын комиссиясынын төрагасы Болот Шерниязов комиссиянын маалыматын күн тартибине киргизүүнү өтүнүп, буларга токтолду:

"Эртеби-кечки кыргыз парламенти, мамлекети Кумтөргө кайралаарын Камеко билгенби? Билген. Ушуга байланыштуу бир гана нерсени эскертип кетейин. Ошондуктан Камеко Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу ишке аша баштаса кандай иш кылаары тууралуу планды түзүп койгон. Ошондуктан бардык маселени билгиңиздер келсе, анда Кумтөрдү тезирээк күн тартибине киргизип бериңиздер. Бул жерде эмоция, амбициянын кереги жок. Өкмөт, парламент биригип, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеш керек".

Депутаттар бул күнү коррупция, өкмөттүн ишине байланыштуу маселелерди козгоду. Депутат Мелис Эшимканов биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөновду кескин сынга алып, анын ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады:

"Негизи эле Данияр Үсөновдун ишмердүүлүгүн, коррупцияга аралашканын, Инэксимбанкта Соцфонддун 500 миллион сомун айлантып атканын, Эсептешүү сактык компанияны менчиктештирүүгө аракет кылып жатканын, АВИАциядагы мыйзамсыз иштерин иликтей турган депутаттык комиссия тез арада түзүлүшүн сунуштаймын".

Бирок парламентарийлер бул күнү эч кандай чечим кабыл ала алган жок. Эми эл өкүлдөрү кезектеги жыйынга 15-мартта чогулмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG