Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

НУРЛАН МОТУЕВ ЭЛДИК БААТЫРБЫ ЖЕ БАСМАЧЫБЫ ?


Кечээ Биринчи май райондук сотунда “Каракече” кожоюну атыккан Нурлан Мотуевдин иши каралып, аны менен кошо бул иш боюнча өтүп жатышкан эсепчилер жана тоо кен инженери көрсөтмө беришти. Мотуевдин коомдук коргоочусу анын эч кандай күнөөсү жок экендигин, айыпталып жаткан себеби саясий буюртма болушу мүмкүн экендигин ырастоодо. Ал эми Каракече көмүр кенинин бир бөлүгүнө ээлик кылган “Акулак” компаниясынын төрагасы Тилек Сабыровдун айтымында, Мотуев кылган иштери үчүн жазалануусу керек.

24-март окуясынан кийин Каракече көмүр кенине ээлик кыла баштаган Нурлан Мотуев, кийинчерээк “Каракече” кожоюну атыгып, бийликтеги айрым жетекчилерге карата бир катар сындарды айтып келген. Ал 2006-жылдын 23-майында Бишкек шаардык укук коргоо органдары тарабынан кармалган эле. Учурда анын үстүнөн сот иши жүрүп келет. “Каракече” кожоюну атыккан Мотуевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши 20 томдон туруп, Кылмыш жана жаза кодексинин 14 беренесин бузгандыгы үчүн айыпталууда. Анын иши кечээ да каралып, судья Кубанычбек Сулайманов бул ишке тиешеси бар делген бир канча адамды сурады. Бул иш боюнча Мотуевден башка дагы он адам көрсөтмө берүүдө. Сот жүрүшүндө башкы айыпталуучу Мотуев өзүн коргоо ирээтинде, суралып жаткан башка адамдарга суроо берүүгө да үлгүрдү.

Мотуевдин коргоочусунун ырасташынча, айыпкерге тагылып жаткан кинелер жалпысынан туура эмес:

- Бүгүнкү күндө Мотуевдин мойнуна тагылып аткан 70 миллионду туура эмес деп эсептейм. Себеби, эгер 70 миллионду эсептей келгенде бир күндө кенден болжолу менен миңдей машина чыгып турмак экен. Ал жерде жанагыдай кырдаалда анчалык болгон жок.

Ошондой эле ал Мотуевдин “Каракече” көмүр кенин басып албай эле, ал жакка ыңкылаптын шарданы менен барып калганын ырастоодо:

- Мына Мотуевди ошол жерди басып алдып деп атышат. Ал басып алган жок. Жөн гана ыңкылаптын шарданы менен барды. Ага чейин ал жерде шектүү ишканалар болгон.

Ал эми ошол Каракечедеги “Акулак” ишканасынын төрагасы Тилек Сабыровдун айтымында, Мотуев уюштурган баш аламандыктан улам көптөгөн адамдар жумушсуз калып, көмүр кенинин иши үзгүлтүккө учураган:

- Ушул баш аламандыктын айынан миңдеген кишилер нансыз, тамаксыз, жумушсуз калды. “Акулактын” эле 250 кишиси жумушсуз калды. Ушул, так ушул күнөөлүү болгондуктан, кылган иши үчүн жообун тартыш керек. Кийинкиде башка элдерге ушундай жолго барганда мүмкүнчүлүк болбосун.

Эми бул чуулгандуу сот иши бүгүн кайрадан уланмакчы.

XS
SM
MD
LG