Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Германия аскерлери Ооганстанда калат


Өлкөнүн коргоо министри Вольфганг Шойбленин билдиргенине караганда, Германия Ооганстандан аскерлерди чыгарууну талап кылган террорчулардын шантажын кабыл албайт. Германиянын Ооганстанда азыр 3000 аскери бар жана алар өлкөнүн түндүгүндө НАТО баштаган күчтөргө командачылык кылат. Ушул жекшемби күнү ал-Каида менен байланышы бар топ Интернеттеги билдирүүсүндө Австрия менен Германия Ооганстандан аскерлерин чыгарбаса, соккуга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG