Адам укуктары кеңеши Судандын өкмөтүн өлкөнүн Дарфур чөлкөмүндө аскерий жана адамзатка каршы кылмыштарга аралашып жатканы үчүн сынга алды. Бул тууралуу Кеңештин Дарфурга барып келген тобунун докладында айтылат. Бул жерде арабдардын куралдуу тайпалары Судан өкмөтүнүн колдоосунда кара түстүү калкка кыянатчылык жасоосун улантууда. БУУнун Адам укуктары Кеңешин быйылкы жылдагы алгачкы сессиясы бүгүн Женевада ачылат.