Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

БУХАРА БУГУЛАРЫН САКТОО ЖАНА КӨБӨЙТҮҮ АРАКЕТИ НАТЫЙЖА БЕРЕ БАШТАДЫБЫ?


Борбор Азия аймагын байырлаган жапайы жаныбарлардын бири – Бухара бугулары тукум курут болуп кетүү коркунучуна кабылган эле. Бирок акыркы жети –сегиз жылдан бери көрүлүп жаткан аракеттер аларды сактоо гана эмес көбөйтүүгө үмүт жаратууда. Ал эми айлана –чөйрөнү коргоочулар бул жаныбар байырлаган жерлер али жакшыраак коргоону талап кыларын эскертип жатышат.

Бухара бугулары адатта Амударыя, Сырдарыя, Или жана Зарафшан дарыяларынын жээгин бойлогон чытырман токойлорду же тугайларды байырлашчы. Мына ошол токойлордун суюлушу, Өзбекстан менен Түркмөнстандагыдай болуп токой аянттарынын пахта айдоо үчүн тазаланышы – Бухара бугуларын жоголуп кетүү коркунучуна алып келген себептердин бири. Аларды сактоо жана көбөйтүү боюнча долбоор 1999-жылдан бери иштеп жатат жана аны каржылоого Жапайы жаратылышты коргоонун дүйнөлүк кору ( WWF) жардам көргөзүүдө. Маселен, жакында эле Казакстанда Или дарыясынын жээгиндеги Алтын Емел улуттук коругундагы мурдагы жайына бугулардын тогузу алынып келинди. Алардын экөөсү эркек, жетөөсү ургачы.

Ольга Переладова - Жапайы жаратылышы коргоо боюнча дүйнөлүк кордун Борбор Азия программасынын директору. Ал азыр жагдай оң жагына өзгөрө баштаганын айтат:

-Биз долбоорду бул жаныбар чындап жок болуп кетээр алдында баштаганбыз. Анда Бухара бугуларынын саны 350дөн ашпачы. Жети жылдан соң алар үч эсеге көбөйдү. Азыр 1000ден ашуун. Демек бул талаптагыдай корголосо, жакшы көбөйө ала турган жаныбар. Адамдар да дүйнөдөгү бул сейрек кехздешүүчү жаныбар браконьерлер үчүн гана бута эмес, улуттук сыймык экенин түшүнө башташты.

Алматы облусундагы Алтын Емел улуттук паркына чейин Жапайы жаратылышты коргоонун дүйнөлүк кору Бухара бугуларын Өзбекстандын Зарафшан жаратылыш коругуна, Казакстандын Туркестан питомнигине кой берүүгө да көмөктөшкөн. Кордун Борбор Азия программасынын директору Ольга Переладованын айтымында, Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең бекем корголгон аймактарды, экологиялык корридорду түзүү дарыя жээгиндеги токойлордун калыбына келишин, бул өз кезегинде Бухара бугуларынын көбөйүшүн шарттайт. Себеби Өзбекстан менен Түркмөнстанда Амударыянын жээгиндегидей көрүнүштөр мына ушундай иштерди талап кылууда:

-Айлана –чөйрөнү жоготуу чоң коркунуч. Амударыянын сол жээгинде токойдун 10%дан ашууну жок. Калган аймактары өтө кууш.

Жапайы жаратылышты коргоонун дүйнөлүк корунун адиси кошумчалагандай, азыр Сырдарыянын Казакстан жээгиндеги токойлору калыбына келүүнүн үстүндө.

Борбор Азиянын беш өлкөсү айлана –чөйрөнү коргоо багытында аракеттерин бириктирүү үчүн былтыр жыл соңунда кол койгон конвенциянын алкагына Жапайы жаратылышты коргоонун дүйнөлүк корунун "Эконет" ( Еconet) деп аталган долбоору да киргизилген. Ага ылайык Борбор Азиядагы экологиялык аймакты азыркы 5%дан 40%га чейин кеңейтүү каралган. Ольга Переладованын айтымында, бул ишти аткаруу кеминде 20 жылды талап кылчыдай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG