Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

САТЫНГАН КЫРГЫЗСТАН…АТЫНГАН КЫРГЫЗСТАН…


Чууга айланган «Кристалл» заводу мурдагы подсоветтик өлкөлөр эле эмес дүйнөдөгү өтө сейрек кездешкен өнөр жай ишканасы экендигин, өмгөктөгөн өкмөт эгер бул заводду өз маалында ишке киргизгенде жылына 300 дөн 500 тоннага дейре поликремений чыгарып, дүйнөнүн мен деген Америка, Жапония, Германия сыяктуу мамлекеттери менен үзөңгү кагышып турмагын кейип кеп кылган «МСН» гезити ушу тапта кыргыз өкмөтү да, завод да, заводдун адамдары да туюкка кептелгенин, жакын арада иш оң жагына чечилбесе ташкөмүрлүктөр бийликке баш ийбөө чараларын баштаарын жазат. Буга чейин Кыргызстандын бир дагы мамлекеттик өнөржай ишканалары ызы-чуусуз менчиктештирилген эмес. Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводу да так ушул тагдырга тушукту. Мамлекеттик мүлк фонддун кабат-кабат убадаларына карабай, президент К.Бакиевдин аны сатуу боюнча тендерди токтотуу тууралуу көрсөтмөсүнө карабай, дүйнөдө куну жок мындай завод тилекке каршы сатылып кете берди…Болгону депутаттар айткан 65 миллион сомго, деп кошумчалайт гезит.

«Агым» гезити президент К.Бакиевдин уулдары, бир туугандары акчалай активдерин банктар аркылуу Кыргызстандан чыгарып баштаганын, мындай жашыруун жол менен 20 миллион доллар өлкөдөн чыгарылып кетти деген айың кеп күчөгөнүн, президент К.Бакиев «Кристалл» заводунун чуусуна байланыштуу 1-вице-премьер-министр Д.Үсөнов менен Башпрокурор К.Коңгантиевди кызматтан алуу жөнүндө жакын жан-жөкөрлөрү менен маслеттешкенин маалымдайт. Ушул эле гезит, «жаңы өкмөт жана бийлик коррупция менен күрөшмөк тургай, өзүлөрү коррупция менен аралашып кетти» деп айткан депутат Камчыбек Ташиевдин сөзүн басты. «Өзүм ар дайым чындык кайда болсо, эл кайда болсо ошол тараптамын» деп сүйлөп келаткан депутат мырза, жакында баштала турган мөөнөтсүз митингдер тууралуу өз көз карашын билдирип, митингке чыккандар койгон максаттарына жетет деп ойлоорун, анткени, бүгүнкү бийлик мамлекеттик жогорку кызматтагы атка минерлердин мурдагыдай эле жеп-ичкендерин көрсө да көрмөксөн болуп жатканын, президент айрым министрлердин дайындалышына каршы болгон депутаттардын пикири менен эсептешпей жаңылыштык кылганын кеп кылган.

«Кыргыз руху» гезити, 2002-жылдын 17-мартындагы каргашалуу Аксы окуясын окурмандардын эсине салып, ошол 17-18-март күндөрү Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө 35 Калашников автоматы, 17 Макаров пистолети, 43 желим дубинка берилгенин… Анан ушул куралдар бейкүнөө элге каршы колдонулуп, адамдар ур-токмокко алынып, чырактай алты бала окко учканын окурмандардын эсине салат. Аксы каргашасын эскерүү кечеси ушул айдын 16-мартында «Келечеги кең Кыргызстан үчүн бириккен фронт» тарабынан А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөнү жатканы да ушул гезитте маалымдалат.

«Бишкек таймс» гезити «Фронт. Канжар. Мартта эмне болот?» аттуу макаласында ашкере демократташкан Кыргызстанда элеттик дыйкандар жаз түйшүгүн тартканга киришсе, Бишкек пикетке беленденип атканын, Кулов бир басма сөз жыйынында, эгер бийлик күч менен жооп кайтара турган болсо ОКБДга кайрылам деп айтканын, ОКБД дегени- күркүрөгөн танктар менен чоочун аскерлер экенин, айрым политологдордун айтымында мындай жол элге эмес, ириде өзүнүн саясый мансабына оңолгус доо кетирет деп баалашканын баяндады.

«Кыргыз туусу» гезити коомчулукта кайчы пикирди жаратып жаткан Гимн жөнүндө талкууну улантып, бул боюнча эки адамдын ойлоруна орун берген. Маселен, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөгөн Козубеков гимндин сөзү жан дүйнөнү жылыталбаган саптардан турарын, андыктан кайрадан сынак жарыялап, жаңы жазыш зарылдыгын айтса, журналист Мырзакат Тыналиев, кептин баары мамлекеттик символдордо эмес өзүбүздүн башыбызда болуп жатат, деп айтат.

«Эркин тоо» гезити Атбашылык ветврач К.Тентимишевдин катын жарыялаган. Кат ээсинин айтуусунда бул райондо ырасмий маалымат боюнча 5910 ит болсо, анын 1310нун гана паспорту барын, райондо жолбун иттердин саны барган сайын көбөйүп баратканын, кутурма оорусу баш болгон жугуштуу ылаңдардын баары ушундай ит-мышыктардан жугуп жатканын маселе кылып көтөргөн.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG