Бул тууралуу "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова "Азаттыкка" билдирди. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүн президент менен жолугушуп, анын алдына Аксы окуясына саясий баа берүү, ага күнөөкөр адамдарды жоопко тартуу маселесин коюшту. Ошондой эле Аксы окуясынын беш жылдыгына арналып Боспиекте өтүүчү иш чарага президент да чакырылып, ал өзүнүн макулдугун берген. (IJz)