Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

14:05 И.Айткулов: Башкы прокурордун расмий түрдө кечирим сурашын талап кылам


Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин адвокаты Икрам Айткулов Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин расмий түрдө Сариевден кечирим сурашын талап кылып, Башкы прокуратурага кат жолдогонун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы 10-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Темир Сариевди “Манас” аэропортунан 100 миң доллар менен кармалып, аткезчиликке байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалымдаган. “Кылмыш козгоого эч негиз болбогондон кийин кылмыш иши токтотулган соң, эл өкүлүнүн ар намысына жана абийирине доо кетиргени үчүн Башкы прокуратура мыйзамдын чегинде кечирим сурашы керек”,- дейт Айткулов.(AJ)

XS
SM
MD
LG