Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

15:30 Аксы окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши аягына чыгабы?


Аксы окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишти кайрадан кароо боюнча президент Башкы прокуратурага көрсөтмө бере турганын бүгүнкү жолугушууда билдирди, деп маалымдады “Жарандык коом коррупцияга каршы” адам укуктарын коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. Бул маалыматты президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун тастыктады. Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, президенттин жеке өзүнөн көрсөтмө боло элек. Ал эми депутат Азимбек Бекназаровдун өтүнүч каты боюнча Аксы окуясына байланыштуу кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG