Өлүм жазасына өкүм чыгарган соттун чечимдерине мораторий жарыялоого президенттен кошумча жарлык чыгаруусун өтүндүк, деп билдирди “Жарандык коом коррупцияга каршы” адам укуктарын коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. Анын айтымында, Конституциянын 14-беренесинде Кыргызстанда өлүм жазасы жок делгени менен өткөн жылы өлкө аймагындагы соттор 20 кишиге, быйыл Бишкектин Ленин райондук соту бир адамга өлүм жазасына өкүм чыгарышкан. (AJ)