Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, 11- мартта кыргызстандык жарандар 19 жаштагы С. Кушбаков, 25 жаштагы А. Мырзаев жана 22 жаштагы М. Халбаев ушул жылдын январь айында аларды "Жусуп" аттуу киши Астанага алып барып, "Надя" деген аялга сатканы тууралуу арыз менен кайрылышкан. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 1961-жылы төрөлгөн Ж. Ботояров кылмышка шектүү делип кармалды. (BE)