Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

ДАНИЯР НАРЫНБАЕВ: ЖАНЫБЕК БАКИЕВ ЖИГИТТИК КЫЛДЫ


Экс-президенттин кызы Бермет Акаева кайрадан депутаттык жарышка аттанды. Ал эми президенттин бир тууган иниси Жаныбек Бакиев шайлоого баруудан баш тартты. Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Данияр Нарынбаев менен “Азаттыктын” түз эфирдеги маеги негизинен ушул окуянын айланасында болду.

- Кыргызстандын экс-президентинин кызы Бермет Акаева депутаттыкка өз талапкерлигин коюну чечкендиги кабарланып жатат. Бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

- Эгерде мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бардыгына жооп берсе, анда ар бир Кыргызстандын жараны өзүнүн кандидатурасын көрсөтүп, ат салышка катышып, утуп алса, депутат болгонго акылуу.

- Буга президенттин көз карашы кандай деп ойлойсуз?

- Президенттин көз карашын айта албайм. Себеби, ал киши менен жарым жылдан ашык убакыттан бери көрүшө элекмин. Бул киши демократияга ишенген, демократияга берилген мамлекеттик ишмер. Ал деле ушундай ойдо болот го дейм.

- Бермет Акаева ага коркунуч келтирет деп ойлойсузбу?

- Жок, коркунуч келтирбейт. Мен жалпысынан айтып атам. Бул маселенин эч коркунучу деле жок болушу керек. Эгерде мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын баары аткарылса, эл колдосо, анда иштеши керек.

- Бизде мыйзамды ары-бери чоё берсе болот эмеспи. Ушуга байланыштуу Акүй Бермет Акаевага каршы административдик ресурсту колдонушу мүмкүн, эгерде колдонсо өзүнө-өзү көө жабат деп айтып жатышат. Буга кандай дейсиз?

- Туура, мен да кошулат элем бул сөзгө. Эч кандай административдик ресурсту колдонуп кереги жок. Бул күч эле эмес, тескерисинче өзүнүн алсыздыгын көрсөтөт бийлик мындай кадамга барса. Ошондуктан муну жөн коюш керек, ал жерде мыйзам, Боршайком, сот турат. Эгерде маселе чыкса, туура эмес катталса, же башка мыйзам бузуулар чыкса, ал үчүн тийиштүү органдар бар, ошолор өздөрү эле эрежесин тууралап коюшу керек.

- Кыргызстандын бийлик структураларында аялдар жокко эсе эмеспи, ушуга байланыштуу сиздин пикириңизде, балким өткүр кыз Бермет Акаеваны колдоп коюш керектир?

- Жалпысынан койсо болот бул маселени. Чындап эле бир да аял жок, келечекте парламенттеги орундарга сөзсүз түрдө квоталарды киргизип, бул маселени чечпесек болбойт. Бирок жеке мамиле кылган туура эмес. Бир эле аял болуп калыптыр, колдойлу деген туура эмес деген саясат менин оюмча. Жалпы эреже бар, шайлоо ушул эреже менен өтүш керек.

- Темага байланыштуу суроо бергим келип атат. Жалаң эркектер иштеген парламентте көп аял алуу маселесин карап жатышкандыгына кандай карайсыз?

- Мен каршымын буга, эч кошула албайм. Менин оюмча, бул бизде адеп-ахлактын эң түпкү негизин жокко чыгарганга тете. Мунун артында турган коркунучтарын азыр эч ким айта албайт. Бирок мен өтө чоң коркунучтар бар деп эсептейм. Буга эч убакта биз макул болбошубуз керек.

- Жаныш Бакиев депутаттыкка талапкерлигинен баш тартыптыр. Сиздин пикириңизде бул өзүнүн чечими болду, же агасынан айтылган кеңештин натыйжасыбы?

- Мен ойлойм, бул абдан жигиттик, туура кадам болду. Өзү да чечмелеп бербедиби: президентке сөз тийдирбейин, ар кандай туура эмес сөздөрдү жаратпайын деп. Баш тартканы абдан туура болду. Мен элдин баары муну туура кабыл алып, тийиштүү баа берет деп ойлойм.

- Президенттин бир туугандары өзүңүз билгендей Германияда, Кытайда жогорку кызматтарда турушат. Бул албетте президенттин аброюна көлөкө түшүргөн абал болуп атат. Алар дагы жигиттигин көргөзөт деп ойлойсузбу?

- Мен экөөнү тең жакшы тааныйм. Азыр Германияда иштеп аткан Марат Салиевич менен чогуу иштешкем. Азыр бул киши жөнүндө пикир жакшы болуп атат, жакшы иштеп атат. Болуп калган иш экен, мен ойлойм ар бир инсан бул маселени өзүнө өзү коюп чечиш керек, башка бирөө мажбурлаган туура эмес. Иштеп атабы жакшы, эгерде туура эмес начар иштеп атса министр бар, премьер министр ошолор маселени көтөрүп чыгыш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Жаныл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG