Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

КАЗАКТАР КАНЧА КАТЫН АЛАТ?


Кыргыз республикасынын «Кылмыш-жаза» кодексинде: «Эки же көп аял алуучулук эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат» деп жазылып турганын эске салган «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити бул жагдай коңшуларда кандай экенине токтолду. Маселен Казакстанда көп аял алуучулукту куугунтукка алган мыйзам деле жок. Бирок экинчи аял алгысы келген эркек аны каттатыш үчүн далай тозоктон өтүшү зарыл. Биринчиден, 1-аялынын уруксаты жана анысын нотариус аркылуу тастыктаган күбөлүк кагазы болушу керек. Анан иш ушул кагаз менен эле бүтүп калбайт. Непадам 1-аялынын туугандары же кайын-журту күйөө баласынын башка бирөөгө үйлөнүшүнө каршы болсо, аларга эч качан нике кыйылбайт. Өзбекстанда көп аял алуучулукка мыйзам тарабынан тыюу салынган. Буга болбой эле эки аял алып алгандар минималдык айлыгынын 50 же 100 пайыз көлөмүндө айып пул төлөшөт же үч жылга кесилип кете берет. Тажикстанда көп аял алгандарды эки жылга кесип жиберчү мыйзам бар. Бирок жарандык согуш зардабынан 100 миңдеген эркегинен ажырап, 1 миллиондон ашуун алдуу-күчтүү жигиттери Орусияда жанбагып жүргөнүн эске алган ырасмий бийлик жогорудагы мыйзамга көз жуумп койгон. Ошондон бери көп аял алуучулук кадимкидей жанданган. Борбор Азия республикаларынын ичинен көп аял алганга мыйзам тарабынан атайлап уруксат берген жападан жалгыз өлкө Түркмөнстан. Мында ар бир эркекке төрт аял алууга уруксат берилген. Бирок эки же андан көп аял алгысы келген эркек адегенде ошол аялдарын кор кылбай багып ала тургандай шарты барбы, жокпу, ошону тастыктаган документ апкелип тапшырышы абзел.

«Трагедия кайталанбаш керк», «Боспиектин каргашалуу күндөрү», «Туруктуулук менен тартип болмоюнча жакшылык болбойт», «Коомчулук саясый башаламандыкка чыдабайт», «Ташкөмүр детективи»…Бүгүнкү жарык көргөн «Слово Кыргызстан» гезитинин өзөгү ушундай темалардан турат.

«Арча» деп аталган дагы бир коомдук-саясый гезит көз жарды. 28000 миң нуска менен жарыкка келген гезит биринчи бетине Кыргыз республикасынын президенти К.Бакиевге ачык кат жолдогон. Кат негизин өлкөдөгү саясый кырдаалды жөнгө салу үчүн президент «Бириккен фронт» жана «Реформа үчүн» кыймылы коюп аткан талаптарды колдоп, керек болсо аларды андан ары толуктап, тез арада жалпы элдин талкуусуна алып чыгуусун суроо менен Кыргызстанды экономикалык туңгуюктан алып чыгуу үчүн өз программасын сунуш кылган. Ачык катка Кайра жаралуу «Манас» эл биримдигинин Бакай Кеңеши жана Ордо Кеңеши кол койгон. Кол койгондордун арасында белгилүү инсандар Дастан Сарыгулов, Сазыкбай Турдумалиев, Тууганбай Абдиев, Өмүркул Кадыркулов, Ашыралы Айталиев, Көчкөн Сактанов жана башкалар бар.

«Дело №…» гезити экс-министр, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев менен маек курду. Ф.Кулов башында турган фронттун штаб башчысынын айтуусунда фронттун бир гана талабы-президент Бакиевдин тез арада шайлоого баруусу жана ошол шайлоо аркылуу ал өз легитимдүүлүгүн аныктап алуусу зарыл. Анткени Кыргызстандын эли тандем үчүн добуш берген, эгер президент, чын эле өзүн эл шайлаган деп ишене турган болсо дагы бир жолу элге чыгып, күчүн сынап көрсүн, дейт генерал. Суваналиев сөзүн андан ары улантып, бүгүн Бакиевдин айланасында ишенимдүү бир да кишиси жоктугун, болгону уулдары менен бир туугандары гана калганын, ал эми анын тегерегин азыр айланып жүргөндөр кокус эртең бирдеме болсо талаага таштай каччулар экендигин, Бакиев да бир кездеги Акаев сыяктуу күч органдарына таянам деп ойлоп атканын, бирок бүгүнкү күч органдары ал ойлогондон таптакыр башка экенин, анткени, милиция, мамлекет эртең аны кантип сатып баса берерин эң сонун билип калганын кеп кылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG