Ушу тапта өлкөдө түзүлгөн комдук-саясий кырдаалды жөнгө салуу максатында аталган биримдик Президентке Ачык кат жолдоду. Анда түзулгөн кырдаалды курчутпай Конституцияны өзгөртүү багытында кызматташууну көздөгөн “Бирикке фронт”, “Реформа үчүн” кыймылы менен кепке келүүгө жана Кайра жаралуу “Манас” Эл Биримдиги иштеген Элдик Конгрессин түзүү сунушталат. Мындан тышкары аталган биримдик тарабынан Кыргызстанды саясий, идеологиялык жана экономикалык кризистен чыгаруу программасы иштелип чыккан. Кайра жаралуу “Манас” Эл Биримдиги өлкө абалын биргелешип оңдоо жолдорун чогуу талкуулоону сунуштайт. (ElenK)
14:25 Кайра жаралуу “Манас” Эл Биримдиги учурдагы өлкө абалын кризистен чыгарууну көздөйт