Өлкөдө Элдик ынкылаптын эки жылдык мааракесин салтанаттуу өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп, “акырындап жара бүтүп” баратканы менен 2005-жылы 24-марттан 25-мартка караган түнү талап-тоноолордон жабыр тарткан ишкерлердин эсинен бул күн алигиче кетпейт, деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле алар, расмий бийликтен салыктан жеңилдиктерди, 10 млн. сом пайызсыз ссуда берүүнү, талап-тоноого катышкандарды жоопко тартуу боюнча так маалымат берүүнү өтүнүшкөн. (AJ)