Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

ӨЗБЕКСТАНГА КИРИП-ЧЫГУУГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЧКИ ПАСПОРТУ ЖАРАБАЙБЫ..?


Кыргызстандын ички паспортун Казакстан менен Орусия тааныды. Ал эми Өзбекстан чегарадан кирип-чыгуу жараянын каттоого алуу максатында басылуучу мөөр үчүн ички паспортко кошо тиркеме кагаз талап кылууда. Мындан кыргыз жарандары, өзгөчө Кыргызстандын бир жеринен экинчи жерине Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүгө туура келүүчү атуулдар азап тартып жатышат. Кыргызстандын ИИМ менен ТИМ бул маселени жакын арада чечилерин айтышууда.

Жалалабат облусунун Сузак районунун айрым жашоочулары Карасуу шаарындагы базарга барып иштешет. Бул үчүн алар күн сайын Өзбекстандын Ханабад шаары аркылуу өтүүгө мажбур. Анткени Сузак-Ханабад-Карасуу жолу айланып өтүүчү Жалалабад-Ош-Карасуу жолуна караганда дээрлик төрт эсе кыска жана жол акысы бир топ арзанга түшөт.

Күн сайын Карасуу шаарына каттап, соода кылган соодагерлердин бири – Сузак районунун Бегабат айлынын жашоочусу Тамара Кайыпова Өзбекстан аркылуу өтүп жүрүп, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту чегарачылар баскан мөөргө толуп калгандыгына байланыштуу жаңы паспорт алууга аргасыз болгон:

-Жаңы паспорт алганда ID карт берген. Аны өзбек чегарачылары жаратышпай атышат. Айла жок, айланып, Өзгөн аркылуу барып келип жатабыз күнүгө. Күн сайын эки саатка жакын убакыт, эки эсе кымбат жолкире төлөп жатабыз,-дейт Тамара Кайыпова.

Баткен облусунун эли Кыргызстандын башка аймактарына баруу үчүн Өзбекстан аркылуу өтүүгө аргасыз. Анткени Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушу аягына чыга элек. Облустун Кадамжай районунун тургуну Эшимбек Исмаилов кыргыз бийлиги кандайдыр бир чараларды көрүүгө тийиш деп айтат:

-Кыргызстан эгемендик алгандан бери баткендиктерге эле кыйын болду. Мурда Өзбекстанга эчкандай кыйынчылыксыз эле кирчүбүз. Азыр деле өзбек жарандары Кыргызстанга кыйналбай эле кирип жүрүшпөйбү. Биздин бийлик кандайдыр бир чараларды көрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болмок.

Кыргызстандын ички паспортун таануу тууралуу Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен эки тараптуу түзүлгөн келишим бар. Бул келишимге ылайык кыргызстандык жарандар Казакстан жана Орусияга ID карта менен кирип чыгуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Ал эми Өзбекстан расмий түрдө Кыргызстандын ички паспортуна тиркеме кагаз талап кылууда. Бул тууралуу маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Турусбек Коеналиев маалымдады:

-Орусия менен Казакстанга биздин жарандар ички паспорт менен кирип чыга алышат. Ал эми Өзбекстан тарап бул жараянды убактылуу токтотуп атышат. Анткени алар биздин жарандардын кирип-чыкканын каттоого алуу үчүн биздин ай-ди картага кошумча тиркеме талап кылып жатышат. Бул маселе боюнча азыр ИИМ менен ТИМ алектенип жатышат.

Ички иштер министрлигинин паспорт-виза көзөмөлү боюнча департаменти Өзбекстанга кирүү үчүн Кыргызстандын ички паспортуна кошумча тиркелүүчү тиркеменин үлгүсүн сунуш кылууда. Аталган департаменттин жетекчиси Александр Зеличенконун маалымат каражаттарына маалымдаганы боюнча эгер үлгү дипломаттык жактан колдоо тапса, анда ушул үлгүдөгү тиркеме тиешелүү өлчөмдө көбөйтүлмөкчү.

Ал эми тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Асеин Исаев кыргыз тарап өзбек бийлигине бул маселени чечүү боюнча кайрылгандыгын “Азаттыкка” билдирди:

-Биз өзбек тарапка расмий түрдө кайрылып, бул маселени чечүү тууралуу билдиргенбиз. Алар баш тарткан жок, карап жатышат. Ал эми ички паспортко кошумча тиркелүүчү тиркемени башкалар колго жасап алалбай турган кылып, коргоочу белгилерин татаалдантып, жасап чыгышыбыз керек. Биз анын аягына чыккыча убактылуу токтотуп турушат. Биздин оюбузча бул маселе жакын арада чечилет, -дейт Асеин Исаев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG