Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

“КЫРГЫЗПАТЕНТТИН” ДЕРЕКТИРИН МАДАНИЯТ ИШМЕРЛЕРИ КОРГООГО АЛДЫ


Соңку кездерде интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин (“Кыргызпатенттин”) деректири Роман Оморовго каршы козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылган чакырыктар көбөйүүдө. “Кыргызстандын маданият ишмерлеринин ассамблеясы” коомдук уюму бул талапты Президент Бакиевге чейин жеткирүү максатында “Муза күнү” аттуу нааразылык акциясын өткөрүү демилгеси менен чыкты.

"Муза күнү" аттуу нааразылык акциясы биринчи жолу Президент Борис Ельциндин убагында Орусияда өткөрүлгөндүгүн “Кыргызстандын маданият ишмерлеринин ассамблеясы” коомдук уюмунун вице- президенти Жолдошбек Токоев эскертип өттү. Анын айтуусунда, ошол акциядан кийин гана Михаил Ульянов баштаган көркөм өнөр, маданият ишмерлери мамлекеттик камкордукка алынган.

Жолдошбек Токоев Кыргызстанда азыр андай акцияны өткөрүүгө Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Роман Оморовго Башкы прокуратура тарабынан негизсиз жерден айыптар тагылып, кылмыш иши козголгондугу себеп болгондугун эскертти:

- Ошол негизсиз кылмыш иши жабылсын деген талап менен “Кыргыз Туусу” гезитинин 23-февралдагы санында Чыңгыз Айтматов баштаган Кыргыз Республикасынын 6 баатыры, 7 академиги Президент Бакиевге кайрылуу жолдошкон. Алигиче жооп жок. Аны акүй кызматкерлери атайылап Президентке жеткирбей жатышкандыгын билдик. Ошондуктан “Муза күнү” нааразылык акциясын өткөрбөсөк болбойт.

Роман Оморов өзү болсо мекеме тапкан кирешеден кызматкерлерге турак-жай алып берүү эч кандай каржылык мыйзам бузууга жатпайт деп эсептейт. Жыл сайын бирден кызматкерге турак-жай сатып берүү салтка айлангандыгын, өзүнө деле ошондой шартта үй алперилгендигин, профкомдун, коллегиянын чечими бар экендигин эскертти.

Ал эми башкы прокурордун баcма сөз катчысы Токтогул Какчекеев мамлекеттик структурадагы мекеме кирешесин өзүм билемдик менен өздөрүнө пайдаланбайт деген пикирди бекем карманууда. Кызматкерлерге үй сатып бериш үчүн мамлекеттик структура өзүнөн жогорку инстанциялар менен макулдашуусу зарыл, демек, “Кыргызпатент” сөзсүз кыргыз өкмөтүнүн башчысынын же Президент акимчилигинин жетекчисинин уруксаты менен иш кылуусу кажет болчу деген пикирде.

Башкы прокуратурадан алынган маалымат боюнча, Роман Оморовдун иши боюнча учурда тергөө уланууда. Бүтөөр замат сотко өткөрүлүп берилет. Акыркы чечимди ошо сот чыгарат.

Интеллектуалдык менчик боюнча агенттиктин деректири, техника илимдеринин доктору Роман Оморов болсо бул - саясий буюртма менен жасалып жаткан текшерүү жана тергөө деген пикирин да жашырганы жок.

Жоон топ маданият ишмерлери Роман Оморовду коргоп пресс-конференция өткөрүүгө камынып жаткандыгы тууралу да маалымат тарады.

XS
SM
MD
LG