Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

РОССИЯ АСКЕРЛЕРИН МОДЕРНИЗАЦИЯЛАЙТ


Россиянын аскерийлери эми Кремлди биздин этибарга албай жатасыңар деп айта албай калды. Акыркы бир нече жуманын ичинде Россиянын биринчи вице-премьер министри Cергей Иванов жана өлкөнүн коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Россиянын армиясын модернизациялоо пландарын жана аскердик доктринасын кайра карап чыгуу пландарын ортого салды.

Февраль айында коопсуздук маселелери боюнча Мүнхенде өткөн конференцияда Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн эл аралык сахнадагы ролун жогорулатуу боюнча ойлорун ортого салган. Серепчилер мунун артында Россиянын аскердик күчүн арттыруу жана НАТОнун кеңейишине жооп катары жаңы аскердик доктринаны кабыл алуу пландары жатканын божомолдошту.

Андан бир нече күн мурда Россиянын ал кездеги коргоо министри Сергей Иванов Мамдумага өлкөнүн армиясын келерки 10 жылдын ичинде модернизациялоо пландары менен тааныштырды. Ал планга ылайык үстүбүздөгү жылы Россиянын коргоо тармагынын бюджети кеминде 31 жарым миллиард долларды түзүп, 2002-жылдан бери болуп көрбөгөндөй көлөмгө өсөт. Албетте, бул АКШнын коргоо бюджетине салыштырмалуу өтө чакан бирок Россияда каруу-жарактардын баасы кыйла арзан экенин эске алуу керек.

2009-жылы Россия жаңы авианосецтерди куруу программасын кабыл алышы күтүлөт. Эгерде ал ишке ашырылса, 2015-жылга чейин өлкөнүн аскердик жабдууларынын 45 проценти жаңыланмакчы.

Программанын башкы максаты Россия менен Батыштын ортосундагы стратегиялык тең салмакты калыбына келтирүү. Ивановдун алыска чапкан дымактуу программасы анын бийликте узакка калууну пландаштырып жатканын айгинелейт.

Иванов Дмитрий Медведев менен бирге президенттик кызматка талаптана турган саясатчы деп аталууда.
Ивановдун Думада сүйлөгөн сөзүнөн бир жума өтүп- өтпөй Путин аны биринчи вице-премьер кылып дайындады. Иванов эми аскердик өнөр жай комплексин, коммуникация тармагын, космостук, атомдук жана илимий изилдөө тармактарын жана жаңы технологиялар менен арпалышкан мекемелерди башкарып калды.

Февралдын соңунда болсо Путин Бириккен Авиакорпорацияны түзүү жарлыгына кол койуп, авиаунааларды чыгууруучу ишканалар менен аскердик учактарды чыгаруучу компанияларды бир холдингге бириктирди. Ушундай эле жарлык кеме куруу тармагында да кабыл алынды. Аскердик жана жарандык тармактарды бириктирүү менен өлкө жарандык авиация менен кеме куруу тармактарын кыйроодон сактап калууну көздөп жатат.

Өлкөнүн жаңы аскердик доктринасынын деталдары белгисиз, бирок марттын башында Россиянын Коопсуздук Кеңеши 1993- жылы кабыл алынып, 2000- жылы оңдоолор киргизилген аскердик доктрина жаңы геосаясий шарттарга жана НАТО сыяктуу аскердик блоктордун күчтөнүшүнө жараша кайра каралып чыгуусу керек деп билдирди.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG