Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:13

МОЛДОВАНДАР ЕВРОБИРИМДИК АЙМАГЫНА ЖАПЫРТ АГЫЛАРЫ АРСАР


Румыния быйыл жаңы жылдан тарта Евробиримдикке кошулгандан бери өлкөнүн коңшу Молдовадагы консулдугунда туристтик виза алууну көздөп, күнүнө кезекке тургандардын саны жүздөп саналат. Мындан сырткары акыркы айларда жүз миңдеген молдовандар румын паспортун алууга арыз берген экен. Бул көрүнүш батыш маалымат каражаттарында молдовандар арзан жумушчу күч катары Европаны каптап кетеби деген чоочулоолорду жаратты. Анткен менен мындай жагдайдан Евробиримдик менен Румынияга караганда Молдова өзү көбүрөөк кооптонот.

Лилиана Райлиану румын чек арасынын каршы тарабындагы молдован кыштактарынын биринин тургуну. Мурда ал румын шаарларынын бириндеги базарда иштеген учурунда ал жака визасыз каттачу, ал эми азыр чек арадан визасыз өтүү мүмкүн эмес. Румын тарап молдовандарга визаны бекер берет, бирок элдин көптүгүнөн ишти тездетүү үчүн каражат коротууга аргасызсың:

-Мен Румынияда иштеген кезимде нанга, азык –түлүккө жетиштүү акча табам. Азыр үйүмдөмүн, иштебейм. Эгер биз Румынияга бара албай калсак, абалыбыз оорлойт. Мени визам баардык чыгымдарды кошкондо, 75 долларга турду.

Тарыхка кайрылсак, бүгүнкү Молдова Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Румыниянын бир бөлүгү болгон жана 4,5 миллион калкынын үчтөн эки бөлүгү теги боюнча румындар деп саналат. 1991-жылы Бухарест румын тегин далилдей алган молдовандардын Румыния жарандыгын кайтарып алуусуна жол ачкан мыйзам да кабыл алган.

Эми Румыниянын Евробиримдикке кошулушу менен молдовандар үчүн румын визасы менен паспортунун баркы мурдагыдан да көтөрүлдү. Андыктан, таң калууга болбостур, акыркы үч айда эле Кишиневдогу румын консулдугуна 400 миң арыз түшкөн. Буга кошумча румын президенти Траян Басеску эгер ар бир арыз берүүчүнүн кеминде экиден бүлөсү болсо, румын жарандыгын күткөндөрдүн саны 800 миңден ашышы мүмкүн экенин айткан эле.

Батыш гезиттери болсо былтыр күздө эле румын паспорттуу молдовандардын баары өзү деле салыштырмалуу кедей Румынияда калып калбасын, арзан жумушчу күч катары Евробиримдиктин калган өлкөлөрүнө агыларын эскертишкен болчу.

Анткен менен мындай эскертүүлөргө карабай, молдовандардын батышты каптаары жөнүндөгү коркунучту ашыкча деп эсептегендер да бар. Алар биринчи себеп ирээтинде бир миллиондой молдован буга чейин деле мыйзамдуу да, мыйзамсыз да түрдө четте иштеп жүргөнүн келтиришет.

Экинчи себеп - соңку эки-үч жылда румын бийликтери молдовандарга чектелген сандагы гана паспорт ыйгарган. Азыр румын паспорту бар молдовандардын саны 70 миң деп эсептелинет. Мунун 1300дөйү 2005-2006-жылдардын аралыгында берилген экен. Еврокомиссиядагы басма сөз катчылардын бири Роскам Аббингдин айтымында, бул кадимки эле көрүнүш:

- Менимче, биз баарыбыз жапырт, миллиондогон адам тез эле румын жарандыгын алып, ага катар Евробиримдиктин тургунуна айланат деп чайкоочулук кыла баштасак орунсуз болуп калат. Биз буга чейин кандай болгонун карашыбыз керек. Жагдай кандай өнүгөөрүнө жакындан байкоо салып, ой жорууларга эмес, фактыларга көңүл бурушубуз абзел. Жарандыкты жана паспортту берүү - Евробимдике мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укугундагы иш. Андыктан бул өзгөчө маселе румын өкмөтү тарабынан чечилиши керек.

Бул аралыкта, румын өкмөтү виза жана паспортко арыз бергендердин документтерин караштыруу ишин тездетээрин билдирген эле. Бирок маселе, аыркы кездери олуттуу саясий мүнөз ала баштагандай.

Жыл башында Кишиневдо болгон учурунда румын президенти Траян Басеску тараптар Молдованын аймагында Румыниянын дагы эки консулдугун ачууну макулдашканын жарыялаган.

Бирок, ушул айда эки өкмөттүн ансыз деле жылуу эмес мамилеси чукулунан бузулду. Кишинев, Румынияны румын жарандыгы боюнча "жасалма проблеманы" жаратуу менен алардын улуттук коопсуздугуна, мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип жатканы үчүн айыптады жана кошумча эки консулдук ачууга макулдук берүү жөнүндөгү мурдагы чечимин өзгөрттү.

Кыжырдануунун белгисиби, Румыниянын чыгышындагы Молдовия чөлкөмүнүн 8 миллион тургунуна молдован жарандыгын берүүнү сунуш кылды. Бирок, өлкөнүн Бухарестеги элчилигине арыз тапшыруу үчүн кезекке тургандар жөнүндө маалымат түшкөн жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG