«Саха (Якутия) республикасында аял киши вице-президент болуптур» деген кабарда кандайдыр бир өзгөчө мааниси бардай туюлат. Анткени жалпы эле өлкөнүн саясий сахнасында аялдардын орду дайыма тар бойдон калып келгени маалым.
Аялдардын эл аралык майрамы алдынан якутиялык кыз-келиндерге белек кылайын дедиби, айтор, республиканын президенти Вячеслав Штыров 7-март күнү жергиликтүү парламентте вице-президенттикке Евгения Михайлованын талапкердигин сунуш кылды. Штыров аны «мамлекеттик алкактагы уюштуруучу, жоопкердүү, өз ишин жакшы көргөн ишмер» катары сыпаттады.
Депутаттар да президенттин сөзүн эки кылбайлы деди окшойт, 15-март күнү көпчүлүк добуш менен Михайлованын талапкердигин колдоп беришти. Чынын айтыш керек, мындай окуя Якутиянын тарыхында алгачкы ирет болуп олтурат.
Бирок, серепчилердин айтымында, муну жөн гана аялдарга «майрамдык белек» катары кабыл алганга болбойт.
Москвадагы Саясий маалымат борборунун директору Алексей Мухиндин айтымында, Евгения Михайлованын бул кызматка шайланганынын өзү - анын саясатчы катары деңгээли жогору экенин күбөлөндүргөн факт. Анткени Орусияда саясатчы аялдарга бийлик тепкичинде көтөрүлүү, эркектерге караганда, эки эсе татаал.
- Орусияда саясатчы аялдарга эркек-саясатчылар кичине шылдыңдагандай түрдө карашат. Мындай жагдайдын өзү аялдар үчүн саясатка эшикти дээрлик жаап коет. Бүгүнкү кырдаалда өлкөдөгү жогорку бийлик баары бир эркектердин колунда кала берет деп ойлойм. Бул – тарыхый мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз, балким, орус тарыхындагы аял императорлор жөнүндө сурашыңыз мүмкүн. Бирок мен тарыхчы катары айтаарым, Екатерина II-нин тушунда деле аялдар формалдуу түрдө гана бийлик башында турушкан. Алардын ордуна бүт чечимдерди эркектер кабыл алышчу. Мен аялдардын саясатка киришин толук колдойм, алардын чечимин урматтайм. Бирок Орусиядагы бүгүнкү жагдай такыр башкача: «Орусия – аял мамлекет» жана ал аял катары добуш берет. Алдыдагы президенттик шайлоодо да өлкө аялды тандабайт, ал өзүнө күйөөнү тандайт, - дейт орусиялык эксперт Алексей Мухин.
Орусиянын парламентиндеги Мамдумада жалпы депутаттык орундардын дээрлик 10% аялдар түзөт. Ал эми Федералдык Кеңеште аялдардын үлүшү 3,4% ашпайт. Бул - өлкөнүн борбордук парламентиндеги кырдаал. Бирок региондордогу жергиликтүү парламенттерде аялдардын саны мындан да аз.
- Региондордогу бийлик органдарында аялдардын саны мындан азыраак. Анткени биздин жалпы коомдо дагы эле патерналисттик маанай күч. Ошон үчүн аялдар көбүрөөк саясатка эмес, кичи жана орто ишкердикке кетишет, - дейт Мухин.
Региондун деңгээлиндеги саясаттан чыгып, кийин федералдык алкакка чейин көтөрүлгөн орусиялык саясатчы аялдар деле көп эмес. Алардын тизмесинде азырынча Мамдумадагы Любовь Слиска жана Ленинграддын губернатору Валентина Матвиенкодон башка атагы чыккан саясатчылар деле жок.