Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кыймылдын координатору Өмүрбек Абдрахманов кабарлады. Буга чейин кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев кыймылдын лидерлери менен өлкө башчысынын жолугушуусу 21-мартка белгиленгенин жарыялаган. Бирок азырынча кыймыл мүчөлөрү мындай жолугушуу боюнча бир пикирге келе элек. (SM)