Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

16-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Түркстан чөлкөмүнүн Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-мартында Кызылкыя жана Сүлүктүдөгү көмүр кендерин мамлекет менчигине алуу туурасында декрет кабыл алды. 1942-жылдын 16-март күнү Фрунзе клиникалык ооруканасынын жаңы имаратында госпиталдык хирургия, госпиталдык терапия жана терапия факультети ачылды.

Түркстан чөлкөмүнүн Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-мартында Кызылкыя жана Сүлүктүдөгү көмүр кендерин мамлекет менчигине алуу туурасында декрет кабыл алды.

Совет өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик түзүлүшү, аны менен бирге Кыргызстан сыяктуу улуттук республикалардын маданий өнүгүшү 1921-жылдын 16-мартында ишин жыйынтыктаган РКП (б) X съездинде аныкталган. Партиялык жыйын «Улуттук маселедеги партиянын кезектеги милдеттерине» арналып, советтик автономиялык системанын курулушу жүзөгө ашырды. Партиялык Резолюцияда партиянын негизги милдеттеринин бири катары, орус эмес артта калган калктардын абалын Борбордук Россия деңгээлине жеткирүү талабы коюлду. Орус эмес калктардын улуттук турмуш шартына жараша мамлекеттик курулушту чыңдоо; улуттук тилдеги сот, администрация, чарба органдарын, бийлик кызматын куруп, аларды өнүктүрүү; улуттук тилдеги маалымдоо каражаттарын, мектеп, театр, маданий мекемелерди өркүндөтүү; эне тилдеги мектеп жана профессионалдык-техникалык билим берүү тармагын жайылтуу маселеси белгиленген.

Кыргыз АССРинин жержайгаштыруучулардын курултайы 1929-жылдын 16-март күнү Фрунзе шаарында ишин баштады. Курултайга Кыргызстан аймагында эмгектенген адистер чакырылып, алар жер маселеси жана аны пайдалануу ыкмалары тегерегинде пикир алмашышты.

Мындан туура 65 жыл мурун, 1942-жылдын 16-март күнү Фрунзе клиникалык ооруканасынын жаңы имаратында госпиталдык хирургия, госпиталдык терапия жана терапия факультети ачылды. Жаңы ачылган бөлүмдөрдү Советтер Союзуна аттары таанылган профессорлор-Фабрикант, Коган-Ясный Вольскийлер жетектешкен.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы 2005-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алды. Мамлекеттик департаменттин баамында парламенттик шайлоо арбын мыйзам бузуулар менен коштолуп, бийлик тарабынан ыплас ыкмалар колдонулган.

Бу күнү, 1934-жылы акын Эсенгул Ибраев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG