Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

ПРЕЗИДЕНТ КУРМАНБЕК БАКИЕВ КОЧКОР РАЙОНУНДА БОЛДУ


15-мартта президент Курманбек Бакиев жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районунда болду. Өлкө башчысын алты-жети министр коштоп жүрүштү. Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын алдында ачык эшикте чогулган 200-300дөй адам менен президент жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сөздүн басымдуу бөлүгү жер титирөөнүн кесепети жөнүндө болгону менен саясатка да токтолушту.

Чогулгандар өлкө башчысы болуп расмий шайлангандан бери Курманбек Бакиев Нарын облусуна канча ирет келди деп талашып тактай албай жатканда ачык асман алдында өтүп жаткан жолугушуу башталып, Курманбек Бакиев Кочкорго келген себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мен бүгүнкү келген себебим, ушул күнгө чейин кандай иштер аткарылды, кандай чечилбеген дагы маселелер бар, айрыкча жапа чеккен үй-бүлөлөргө кандай жардам берүү керек, ушул маселени чечип аягына чыгып коюш керек болуп атат. Ушул маселени чечүүдө иш жакшы баратат деп айта албайм, өкмөт жагынан дагы кемчиликтер бар.

Президенттен кийин тиешелүү министрликтер отчет беришкен соң, чогулгандар сөз алып сүйлөй башташты. Анара аттуу Кочкор айылынын тургуну жер титирөөнү оппозиция саясатка айлантып салды деди:

- Биздин баштан өткөн кырсыкты кээ бир саясатчылар саясатка айландырып алышты. Элдин кабак-каштары ачылбай турса келип алып, сен пикетке чык деп атышат. Бизде бул мода болуп калды. Оппозицияга мен аябай таңкалып атам, Кочкорго асылды да калды. Жетинчиби, сегизинчи жолу келип пикет чыгарыш керек, президентти алып түшүшүш керек дешүүдө.

Кочкор райондук басмаканасынын ээси Курманбек Жумагазиев “Курманбек” коому түзүлгөнүн жарыялап президентти мүчө кылып алууга даяр экендиктерин билдирди:

- Курманбек Салиевич менин атым да Курманбек. Азыр Курманбектердин заманы. Кочкордо 39 Курманбек бар, биз «Курманбек» коомун түзгөнбүз. Эгер макул болсоңуз жакында сизди ошого мүчө кылып алабыз.

Президент бул сунушка макул экенин билдирди. Курманбек Жумагазиев андан кийин президентти колдой тургандыгын билдирди:

- Биздин ичибиз таза, ниетибиз ак, пейилибиз кенен. Биз сизди колдойбуз.

Ал эми дагы бир кочкорлук аял президентти чиновниктердей калп айтпоого үйрөтүп кетүүнү өтүндү:

- Өз учурунда Шабдан баатыр минтип айткан экен, пендечиликтин кайнаган шору – бул чындыкты айтпагандык, экинчи шору чындыкты айткан адамды кор кылгандык, үчүнчү шору чындык айталбай жүргөн жалпы элдин шору болот деп. Менин айтаарым, аким болобу, губернатор болобу калп айтпоого үйрөтүп кетиңиз.

Эки жарым саатка созулган жолугушуунун аягында Курманбек Бакиев бул жолугушуу өзгөчө болгондугун билдирди:

- Мен бүгүн кечээ чет өлкөдөн келген бир дипломатка айттым эле, жалпы эле СНГны алганда Кыргызстандагыдай демократия, эркиндик эч жерде жок деп. Билебиз, бул чоң жетишкендик дейт. Бирок мен айттым мунун экинчи жагы да бар экен, тартип жагы. Бир топ эле кыйналып атабыз. Анысын да билебиз дейт. Мен айттым, биз аны башыбыздан өткөрүп атабыз, эски, жаңы бийлик деген сөздөр болуп атат. Мурунку бийликтин мезгилинде ушундай жыйындар өтчү беле? Жок. Бул, же тигил залдын ичине киргизип атып, ошол жерде киргизип аткан кишилер карайт эле, муну киргизсе болот, муну киргизсе болбойт, жолотпо айда деп. Киргендер кандай сүйлөйт эле, эмне дейт эле жакшы билесиздер.

Чогулгандарды аралап жүрүп жер титирөөдөн жапа чеккендердин арасында президент келээрге бир күн мурун өзүбүздү өрттөйбүз дегендер болгонун айтышып, бир күндө алар менен атайын иштер жүргүзүлгөңдүгүн, эмне үчүн жер титирөөдөн кийин дароо келбейт деп нааразы болгондор «өңдү көрүп жүзү тайды» демекчи, ачууларын басып, президентке дагы бир жолу ишенич артышкандыктарын уктук.

XS
SM
MD
LG