Документти коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия авторлошуп даярдады. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад документти колго салуу маалында коопсуздук кеңешинин жыйынында келип катышканга ырасмий түрдө уруксат сурады. Коопсуздук кеңештин учурдагы төрагасы, Түштүк Африканын өкүлү Думизани Кумало уруксат берүү маселесин кеңеш карап чыгарын билдирди.
Иранга каршы жаңы резолюциянын долбоору макулдашылды деп билдирди Британиянын БУУдагы өкүлү