Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

«АДЕГЕНДЕ ДОСУҢДУ АЙТЧЫ, АНАН СЕНИН КАНДАЙ ПРЕЗИДЕНТ ЭКЕНИНДИ АЙТАЙЫН" БОЛДУКПУ?


«Лица» гезити ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун Аксы окуясына байланыштуу кеңири жообун жарыялады. Убагында мурдагы президент А.Акаев ага каалаган кызматты сунуш кылганын, ошондо ага ортомчу болуп бүгүнкү Бакиев жана башкалар чуркап жүргөнүн, ошол Аксы каргашасында аны камакка алган чуулгандуу прокурор Зоотбек Кудайбергенов кийинки президенттик шайлоодо Бакиевдин Талас облусу боюнча шайлоо штабын жетектеп турганын, алты балага тийген ок балдарга атылган эмес, асфалтка атылып, анан андан кайып барып адамдарга тийген деп ой жоруткан агездеги Башпрокурор Абышкаев ушул эле Бакиевдин жакын досу экенин, 24-марттан кийин Башпрокурорлук кызматка келгенде Аксыга байланыштуу иштердин 70 пайызын бүтүргөнгө үлгүрүп, тергөө тобун түзгөнүн, кийин аны кызматтан алганда ордуна келген Башпрокурор К.Коңгантиев ал түзгөн тергөө тобун жоюп жиберип, өзүнүкүн түзүп, топ башына Кудайбергеновду койгонун, анткени ал Коңгантиев мырзанын досу жана курсташы экенин, ошол бойдон бейкүнөө шейит болгондордун иш кумга сиңип жок болгонун ачыкка чыгарды. Ушул эле гезит, Бундестагдын депутаттары Кыргызстандын жаңы өкмөт башчысы Азим Исабековдон көңүлдөрү кайт болуп кайтышканын, премьер-министр Германиядан келген меймандар менен жер тиктеп сүйлөшкөнүн, бир дагы конкреттүү эчнерсе айталбаганын, аларды өзгөчө Кыргызстандын өтө коррупциялашып кеткени катуу тынчсыздандырганын, коррупцияга коюн-колтугун кең ачкан мындай өлкөгө чет элдик инвесторлор келүүдөн баш тартарын, инвестор келүү үчүн ири алды менен алардын укуктук коопсуздугун камсыз кыла турган таянычтар зарылдыгын белгилешти деп жазды.

«Алас» гезити «Бакиев кетсе аны алмаштыра турган киши барбы?» деген суроо менен айрым жарандарга кайрылганда, журналист Жылдыз Мусабекова, таза кишини балабакчадан эле издебезе кыргызда таза киши калбай калганын, саясатчы Дастан Сарыгулов, улуу кыргыздан журт башкара турган киши түгөй электигин, кинорежиссер Темир Бирназаров, президенттикке Эдил Байсалов татыктуу деп ойлоорун, журналист Уран Ботобеков, Абдыганы Эркебаев менен Роза Отунбаева экөө тең түндүк-түштүк маселеси менен чайкоочулук кылбай турган инсандар экенин, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, эгер кыргыздар төө бастыга алып жибербесе Муратбек Иманалиев татыктуу экендигин, журналист Жаныбек Жанызак, Эшимкановду ойлоп жүргөнүн, бирок ал Куловду колдоп кеткенден кийин жерге түкүргөнүн, Мелис Эшимканов, президенттикке татыктуу деп Текебаев, Байболов, Атамбаев, Сариев, Субаналиев, Куловдун ысымдарын атаган.

«Айкын» гезитинин суроолоруна жооп берип жатып депутат М.Эшимканов, эгер Бакиев Д.Үсөновдон тезирээк кутулбаса бийлиги урап түшөрүн, анткени Данияр мырза 300 миң доллар боюнча соттошо турган болсо, ага далилдер жетиштүү экенин, андан акчаны кимдер алганы, качан алганы, аты-жөнүнөн бери жазылып алынганын, демек Д.Үсөновдун ою ишке ашпай турганын шардана салды.

«Апта» гезити академик Абдыганы Эркебаевдин, өзү басып алуу жолу менен бийликке келген жетекчилер ошол эле басып алуу жолу менен жашап жатканын, экинчиден, эң коркунучтуусу бийликте биримдик жоктугун, үчүнчүдөн, өлкөдөгү мыйзамдуулуктан мурда бийликтин өзүнүн мыйзамдуулугу күмөн туудурарын, төртүнчүдөн, өлкөнү коррупция басканын, бешинчиден, бүгүнкү Бакиев кечээки Акаев бийлигинин мектебин бүтүргөндөрдүн бири экенин айтып мүнөздөмө берүү менен, академик Кыргызстандын бардык саясый күчтөрүн чогулуп сүйлөшүүгө чакырганын, эгер бүгүн буга барбасак, эртең Жогорку Кеңеш менен Президентти кайра шайлоого барууга аргасыз болобуз деп айтканын жарыялады.

«Де-Факто» деп аталган жаңы гезиттин 3-саны күркөлөргө сатыкка түштү. Гезитте Кыргызстандагы банктардын 60 пайызы кантип чет өлколүктөргө тиешелүү болуп калганы, казактын дары-дармек саткан бир «аптекасы» кыргыз сотторун кантип «багындырып», килейген «Кристалл» заводун кантип сатып алгандыгы тууралуу аналитикалык макалалар топтому жарыяланды. Мындан тышкары ушул эле гезиттен жакында өз арызы менен иштен кеткен Улуттук банк төрагасынын мурдагы орунбасары Максат Ишенбаевдин, «Азыркы өкмөттүн курамы турганда Кыргызстанда реформа жасоо мүмкүн эмес», энергетика адиси Уларбек Матыевдин «Энергетика тармагын инвесторго бериш үчүн референдум өткөрүп, элден сураш керек» деген ойлорду камтыган интервьюлары жарык көрдү.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG