Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

16:30 К.Самаков: Сейфтин ичинде өтө маанилүү документтер бар болчу


Парламент депутаты Карганбек Cамаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, иш бөлмөсүнөн уурдалган сейфтин ичинде анын 7 жылдык депутаттык ишмердигине байланыштуу өтө маанилүү документтер сакталган. Алардын негизгилери “Кристалл”, “Кумтөргө” байланыштуу документтер, “парламентте эл аралык комитетти жетектегендигиме байланыштуу консулдар, дипломатиялык корпустар тууралуу “Жашыруун” (Секретно) деп жазылган жазуусу бар өтө маанилүү документтер бар болчу”,- дейт Самаков. Жогорку Кеңештин экинчи кабатындагы анын иш бөлмөсүнөн документтер салынган сейф 13-мартка караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG