Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

АКСЫ ЖАРААТЫ АЙЫГА ЭЛЕК


Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү кечеси кошок айтуу менен башталды. Эскерүү кечеси Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп жатат. Ага «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун Феликс Кулов баш болгон лидерлери, ЖК депутаттары жана Аксы трагедиясында жапа чеккендердин тууган-туушкандары, бей өкмөт, укук коргоо уюмдарынын, ММК өкүлдөрү катышууда. Кеченин башында Аксы окуясынын курмандыктарына арналып куран окулду. Адегенде эле депутат Мелис Эшимканов чыгып сүйлөп, эскерүү кечесинде "саясий упай топтоп жатат деген сөз чыкпас үчүн саясатчылар чыгып сүйлөбөйт, карапайым адамдар гана сүйлөйт, ырлар окулат" деп билдирди. Бозпиекте 2002-жылы 17-мартта милиция кызматкерлери аткан октон курман болгондордун жакын туугандары чыгып сүйлөшүп, Аксыдагы төгүлгөн кандын чыныгы күнөөкөрлөрү беш жылдан бери жоопкерчиликке тартылбай жатканын белгилешти. Алар Аксы окуясына саясий эле эмес, укуктук баа берилишин талап кылып жатышканын билдиришти. Бул кечени «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун штабы уюштурду.(AJ)

XS
SM
MD
LG