Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

ИЛИКТӨӨ БҮТКӨНЧӨ АКШ АСКЕРИ КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЫКПАЙТ


АКШнын Унаа кызматынын колбашчысы генерал Нортон Шварцтын Кыргызстандагы 4 күндүк иш сапары чөлкөм коопсуздугу, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналды. Н.Шварц Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары, тышкы жана коргоо министрлери, расмий жетекчилер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө өткөн жылдын соңунда эларалык “Манас” абамайданында болуп өткөн кырсыктуу окуянын чоо-жайын иликтөө маселеси да талкууланды.

Генерал Нортон Шварцтын Кыргызстандагы иш сапары тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыскача маалымат таратуу менен чектелди. Элчиликтин ырасташынча, Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүн унаа жагынан камсыз кылуу милдетин алган үлкөн кызматтын жетекчиси генерал Н.Шварц Ооганстандагы жагдайдын жакшы жагына оошу үчүн Кыргызстан менен АКШнын карым-катышын күчөтүү маселелерин талкуулого келген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эднан Карабаев 15-марттагы журналисттер үчүн маалымат жыйынында сүйлөшүүлөрдө “Манас” абамайданындагы окуя - Кошмо Штаттардын жоокеринин кыргыз жараны А.Ивановду атып салышын тергөө, ага авиабазанын көмөк көрсөтүш зарылдыгы козголгонун билдирди.

- Жакында эле биз АКШнын элчилигине дагы бир жолу кандуу кырсыкка байланыштуу Кошмо Штаттардын аскери З.Хетфилдди маселе аягына чейин такталгыча Кыргызстандан чыгарып кетпөө тууралуу кайрылдык. Кечээ АКШнын Кыргызстандагы элчисине ушундай нота жөнөтүлдү. Аны генерал Н.Шварц менен жолугушуу маалында да айттык.

Э.Карабаев америкалык аскердин статусун кайрадан карап чыгуудан мурун кырсыктуу окуяны, ошондой эле “Манас” абамайданындагы жарандык жана аскерий учактын кагылышуусун тактап-иликтеп чыкандан кийин кайрылуу зарылдыгын белгиледи. Aмерикалык тарап, Э.Карабаевдин ырасташынча, тергөө амалдары үчүн ок атылган тапанча жана башка буюмдар кайтарылып, эки өлкөнүн өкүлдөрү окуянын чоо-жайын биргелешип такташмакчы. Ал эми чет элдик аскер адамдарынын статусу болгон проблемалардын тутумунда каралышы керек, деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министри.

Генерал Н.Шварц менен кызматташтык, ошондой эле “Манас” абамайданындагы кырсыктуу окуяны иликтөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу кеп болгонун Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаков да ырастады.

- АКШ аскеринин бул жердеги кызмат мөөнөтү аяктаган. Аны калтырууга макулдугун беришкенин билдирди. Ошондой эле тигил жакка алып кеткен куралды алып келүүгө макулдук беришкенин мага айтышты. Анан да биргелешип комиссия менен чогуу иштеше тургандыктарын билдиришти. Ушулардын тегерегинде сөз болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин жетекчиси Канат Турсункуловдун айтуусунда, А.Ивановдун америкалык аскер колдуу набыт болушун тергөө-иликтөө иштери март айынын башында бүтмөк.

- Башында алар биздин Ички иштер министрлиги тергөөнү 8-мартка чейин бүтүрөт, деп ойлошуптур. А бирок тергөө бүтпөй калган. Америкалык тараптын аскерин алып кетели деген ою бар экен. Эми болсо калтыра турган болду.

- Авиабазанын мөөнөтү тууралуу кеп болбодубу?
- Жок, ал жөнүндө сүйлөшүү болгон эмес,- дейт К.Турсункулов.

Эки өлкө ортосундагы мамиле-катыштын күрөө тамырын аныктап турган эларалык “Манас” абамайданындагы АКШнын аскерий базасынын ижара акысы 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин байма-бай козголуп, мурдагы келишим шарттары кайрадан каралып чыккан.

XS
SM
MD
LG