Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

ИРАН НАТОГО БЕЛГИ БЕРДИ


Жөнөкөй оогандарды сурамжылай келгенде Ооганстандагы абалды бейстабилдештирип жаткан фактор катары алар биринчи кезекте Пакистанды аташат. Бирок жакындан бери оогандар кошуна Иран дагы Ооганстанда өз кызыкчылыгын көздөп жатканын түкшүмөлдөй башташты.

Иран менен Пакистан Ооганстандын ички ишине можахеттер коммунисттик режимге каршы күрөшүп жаткан 70- жана 90- жылдардын башында кийлигишип келишкен. Кийин Талибан бийликтен четтетилгенде Иран таасириндеги ооган топторун Иранга чектеш турган Херат провинциясында активдүү иштөөгө көндүргөн.

Ошол кезде, азыр да Иран талибан кыймылы АКШ менен Батыштын жардамы менен жаралганын, анын максаты Иранды чабалдатуу гана эмес, бүткүл исламды жыгуу экенин айтып келатат. Аймагында адегенде АКШнын андан кийин НATO аскерлеринин жайгаштырылганына карабастан, Ооганстан Тегаран менен дурус мамиледе болууга аракеттенип келатат. Бирок акыркы убакта Ооганстанда Иран өлкөгө маданий гана эмес, стратегиялык таасирин күчөтүүгө аракеттенип жаткандыгы айтыла баштады.

Пушту тилинде сүйлөгөн оогандар Тегеранда сүйлөнгөн парсы диалекти алардын тилине, маданиятына сиңип, олуттуу таасирге ээ болуп баратканын айтышат.

Фарах провинциясынын мурдагы акими Абдул Санаксай жакында Хераттагы "Сахар" радиосунан " Кабулдагы өкмөттү жактырбаган бир топ саясий оппоненттер Ирандагы Шамсабад деген качкындар лагеринде баш бааналоодо, деп билдирди. Ал ошондой эле Иран биздин улуттук аң сезимибизди жок кылгысы келип жатат, деп айыптады.

Ооганстандын Нимруз провинциясында жайгашкан ооган аскерлеринин командачысы Генерал Дауд Ахади Ооганстандын аба мейкиндигин Иран тик учактары үч жолу бузуп, аймагыбызга кирип келди, деп баяндады. Ал ошондой эле чек арада полициянын кагылышуусу болуп, эки жактан тең бирден полиция кызматкери курман болгондугун айтты.

Февраль айында болсо ооган бийликтери Иран эки өлкөнүн чек арасында дубал куруп жатканын билдирип, муну менен Иран маң зат аткесчилеринин жолун тороону көздөп жатат, деп чечмеледи. Ал эми Пакистан өкмөтүнүн ооган чек арасынын кай бир жерлерин тосмолоо аракеттерине Кабул катуу карышлык көрсөтүп жаткандыгы маалым.

Кабулдун Иран жакка ооп баратканын белгилеген серепчилердин кай бири муну ооган өкмөтүнүн алысты көрө билбегендиги катары сыпаттоодо. Азаттыктын серепчиси Амин Тарзинин болжолунда, эки өлкөдөгү калктын тили менен маданиятынын окшоштугунан пайдаланып, өз таасирин күчөтүп келаткан Иран кийинчерек Ооган иштерине ачык кийлигише башташы ыктымал. Муну Нимруз провинциясындагы чек арачылардын куралдуу кагылышынан эле баамдаса болот. Иран муну менен НАТО күчтөрүнө бир белги кылып жатат, дейт серепчи.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG