Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

КАЗАК МИНИСТРИНИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЧАТАК


Нарын АЙЫП, Прага Марттын башында болгон окуя менен байланыштуу Казакстандын маданият жана маалымат министри элден кечирим сураганы менен, жаңжал басыла элек. Журналисттер болсо министрди сотко берип, анын кызматтан кетишин талап кылууда.

Министр Ермухамет Ертысбаев 2-март күнү Астана шаарында парламенттин имаратында жыйын өткөрүп бүткөндөн кийин, бир нече телеканалдын журналисттери андан интервью алган. Аларга "Эра" деп аталган сыналгынын кабарчылары дагы кошулалы дегенде, министр - силерге мен интервью бербейм, силер мага каршы өкмөткө арыз жазгансыңар деп, аларды бөлмөдөн чыгарып жиберген. "Эранын" жана "31-канал" деген башка сыналгынын операторлору анын баарын тартып алган жана кийин телекөрүүчүлөргө көрсөткөн.

"Эранын" журналисти Юлия Исакова министрди 7-март күнү сотко берди жана аны - маалыматты эркин таратуу боюнча мыйзамды бузду деп күнөөлөөдө. Эгер сотто журналист жеңип чыкса, министр бир теңге айыпка жыгылат. Айрым башка журналисттер - маданият министри мындайга барып жатса, башкалардан эмнени күтсө болот деп, анын кызматтан кетишин талап кылууда.

Казакстандын Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин пикиринде, министр жазаланууга тийиш: "Бул абдан маскара окуя болду. Бир жагынан алганда, Ертысбаев ошондой деген сөздөрдү биз мурда эле угуп келгенбиз, эми болсо 'Эра' менен '31-канал' анын баарын көрсөттү. Мен 'Эранын' төрагасы Мирбулат Кунбаев менен сүйлөштүм, алар Ертысбаевди сотко берүүгө даярданууда. Биз, Казакстандын журналисттер бирикмеси, жана 'Адил сөз' фонду дагы аларга бул иште көмөктөшөбүз", - дейт Матаев.

Журналисттер президент Нурсултан Назарбаевке ачык кат жазып, премьер-министр Карим Масимовко да кайрылышкан. 14-март күнү өкмөт мүчөлөрү калктын суроолоруна сыналгы аркылуу жооп бергенде, Ертысбаевдин маселеси дагы көтөрүлдү жана премьер Масимов түз ободо министрге кайрылып, эми сиз кечирим сурап койбосузбу деп сурады жана Ертысбаев - эгер кимдир бирөөгө менин аракеттерим кокусунан жакпай калган болсо, мен алардан кечирим сурайм деп айтты.

Бирок айрым казак журналисттери жана уюмдары мындай күч менен алынган кечиримди биз кабыл албайбыз деп чыгышты. Министр Ертысбаев болсо - кызматыман мен кетпейм деп билдирүүдө: "Макул, мен аларга тасма тартууга уруксат бербей коюпмун. Анын эмнеси бар экен? Мен кызматыман кетпейм, мен - качан өзүм каалаганда гана кетем", - дейт Ертысбаев.

Журналисттер бирикмесинин жана "Адил сөз" фондунун жетекчилери премьер Масимовко барганда, марттын ортосунда ал министрге кайрылып, окуя жөнүндө ага отчет берүүнү талап кылган. Бирикменин төрагасы Сейтказы Матаевдин айтымында, министр андай отчет жасай элек. Айрым казак журналисттеринин билдиргенине караганда, Ертысбаев - президент Назарбаевдин жакшы досу, ошондуктан каалаганын кылууда.
XS
SM
MD
LG