Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик, МАГАТЭнин башчысы Мухаммед Барадейи, Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук Кеңешинин талабына ылайык 13-апрелден кечикпей ядролук программасын токтотуу иштерин баштайт деген ишеничте. Билдирүүнү Барадейи жума күнү Венада жасады. Ырасмий Пхеньян өткөн айда ядролук жабыдууларын токтотууга макулдук берип, бирок финансылык санкцияны алып салууну өтүнгөн.