Мамлекет башчы бүгүн эртең менен Аксы окуясынын беш жылдыгына карата өтүп жаткан жыйынга катышуу максатында Аксыга учуп келди. Ал Бозпиектеги эстеликтин алдындагы эскерүү жыйынына катышты. Курманбек Бакиев андан ары Каражыгач айлында өтө турган чоң жыйынга катышуу үчүн жөнөп кетти деп билдирди президенттин маалымат кызматы.