Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

11:40 “Мегакомфорт” курулуш базарындагы өрттөн үч киши жабыркады


“Мегакомфорт” курулуш базарында чыккан өрттү өчүрүү мезгилинде базардын бир кызматкери жана эки өрт өчүрүүчү жаракат алышкан. “Мегакомфорттун” кызматчысы 28 жаштагы Олег Матвеевдин денеси күйгөн, ал эми Бишкек шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынын кызматкерлери Н. Асыкулов менен М. Курмушевдин колдору тилинип кеткен. Үчөөнө тең медициналык тез жардам көрсөтүлдү деп билдирди чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
“Мегакомфорт” курулуш базарында өрт кечээ кечинде чыккан. Учурда өрттүн себептери жана андан келип чыккан чыгаша тиешелүү адистер тарабынан иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG