Курултайга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 130 дан ашуун делегат келген. Курултайдын башында партиянын акыркы эки жыл ичиндеги иши тууралуу отчеттук доклад окулду. Мындан тышкары курултайдын күн тартибинде №40 Отузадыр жана №57 Кемин шайлоо аймагынан ЖК депутаттыгына талапкерлерди сунуштоо, өлкөнүн саясий абалы тууралуу жана башка маселелер каралмакчы.