Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

15:50 Президент Курманбек Бакиев: “Кырчындай өмүрү кыйылган жигиттердин убалы, элдин каргышы соо койбойт”


Мамлекет башчы Аксы окуясынын беш жылдыгына карата өткөрүлгөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү мурдагы бийлик ээлери деген оюн кыйытты:

-Ушул жерден айтып кетким келет, кырчындай өмүрү кыйылган жигиттердин убалы, элдин каргышы соо койбойт экен. Күнөлүүлөр негизинен жазасын алды дейт элем – эл-жерине батпай, тентип жүрүштүн өзү чоң жаза эмеспи. Сөз кимдер жөнүндө болуп атканын өзүңүздөр да түшүнүп турасыздар.

Курманбек Бакиев айрым саясатчылар Аксы окуясын өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралы катары пайдаланууга аракет жасап жатышкандыгын айтып, аксылыктар андай аракеттерге жол бербейт деп ишенерин билдирди.

XS
SM
MD
LG