Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

БОКС БОЮНЧА ТУРНИРДИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


17-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Курамынын баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Эл аралык бул бокс мелдешинде Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган 127 булгаары мээлей чеберлери күч сынашты.

Турнирдин башкы калысы Райхан Алкановдун айтымында бул мелдеш Тайландда өтүүчү Гран-при мелдешине жана жайында Монголияда болчу Азия чемпионатына жигиттерди сыноонун бир этабы катары өттү.

Эң жеңил салмакта казакстандык Закир Сайфуллин баш байгенин ээси болду. 51 кг салмакта дагы алматылык Бардат Алимбековдун чеберчилиги жогору бааланды. Ал финалда бишкектик Азамат Ибраевди утуп алды.

54 кг салмактагы финалдык таймашууда кочкорлук Сапарбек уулу Тилекти оштук Авазбек Абдуллаев жеңип, алтын медаль тагынды.

57 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону, караколдук Айбек Абдымомунов баш байге үчүн кочкорлук Азим Мирбакиев менен рингде күч сынашты. Натыйжада, Айбек жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, эл аралык мелдештин мыкты боксчусу деген сый-урматка арзыды.

Эл аралык спорт чебери Айбек Абдымомунов «алдыдагы максаттарым Пекин олимпиадасына жолдомо жеңип алуу менен Кыргызстанды таанытуу»,- деди.

60 кг салмактан жеңүүчү өзбекстандык Ботиржан Бозоров болду.

Ал эми 64 кг салмакта оштук спорт чебери Акматали Мадаминов финалда казакстандык Назо Мустафаевди утту.

69 кг салмак боюнча өбзекстандык Равшан Худайназаров эл аралык мелдештин баш байгесине татыктуу болду.

75 кг салмакта канттык Давран Хабиров финалда өзбекстандык Ахрорбек Кубановду утуп алды.

81 кг салмакта өзбекстандык Фарух Каримов биинчи раундда эле жеңишке жетишти.

91 кг салмактын баш байгесине оштук спорт чебери Бегзад Тургунов ээ болду.

Оор салмактагы бокс чеберлеринен финалда кыргызстандык Нурпаис Төрөбеков менен өзбекстандык Элербек Гулемов беттешип, калыстар жеңишти Нурпаиске ыйгарышты.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов , Таалай Кадыралиев жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган. Советтер курамы учурунда бул мелдештин кадыр- баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен. Кийинки эки-үч жылдан бери кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштаганын бокс ардагери Адылхан Бекболотов билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG