Германия АКШны "ачык диалогду" өлкөнүн ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруу маселеси боюнча баштоого чакырды. Германия тышкы иштер министри Франк–Вальтер Штайнмайердин немец басма сөзүндө жарыяланган макаласында АКШнын пландары Европада ишенбөөчүлүктүн жаңы очогун жаратпаш керектиги белгиленген. Немец тышкы иштер министри иш сапары менен Вашингтонго эртең жөнөөдө.