Мына ушундай сунушун архитектура жана курулуш боюнча агенттиктин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков кечээ өкмөттүн жыйынында билдирди. Курорттук аймактарда жеке курулуштардын көбөйүп кетиши Ысыккөлдүн экологиясынын коопсуздугуна коркунуч алып келүүдө, дейт Ишенбай Кадырбеков“Азаттыкка” берген интервьюсунда. Ишенбай Кадырбековдун айтымында, курорттук аймактарда жер үлүшүнүн туура эмес бөлүнүшү туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды түзөт. Өкмөт бул сунушту кароону кийинкиге жылдырды.
Эгерде бул демилге өкмөт тарабынан жактырылса, мындан ары көл жээгинен жер үлүшүн бөлүп берүү токтотулат.
Эгерде бул демилге өкмөт тарабынан жактырылса, мындан ары көл жээгинен жер үлүшүн бөлүп берүү токтотулат.