Кемин шайлоо чөлкөмү боюнча буга дейре 10дон ашуун талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасында мурдагы президенттин кызы Бермет Акаева да бар. Ал эми Отузадыр шайлоо чөлкөмүнөн көрсөтүлгөн талапкерлердин саны өткөн жумада 4кө жеткени айтылган. «ЭрК» партиясы өткөн ишембиде бул округдан Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөткөнүн жарыялады. Аталган эки округда парламенттик шайлоо 29-апрелге белгиленген.(SM)
7:47 Кемин жана Отузадыр шайлоо округдарында бүгүн депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт